Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Казакстан Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Касым-Жомарт Токаевди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады.
"Сиздин акылдуу жетекчилигиңиздин аркасында Казакстанда өлкөнүн адымдуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү камсыздалып, ишкердик климаттын жагымдуу шарттары түзүлүп, дүйнөлүк аренада Казакстан Республикасынын позициясы бекемделүүдө", – деп айтылат куттуктоо сөзүндө.ЕЭК Коллегиясынын башчысы Казакстан Республикасынын Президентине Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди, бул аракеттер көп тараптуу кызматташтыктын натыйжалуу түзүмү катары тастыкталып жатат.
Михаил Мясникович Касым-Жомарт Токаевге чың ден соолук, бакубатчылык жана Казакстан Республикасынын жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик жана эл аралык ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.