Жаңылыктар

03.10.2022

Максат Мамытканов ЕАЭБ өлкөлөрүнөн коллегалары менен бажылык башкаруу маселелерин талкуулады

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексин өзгөртүү перспективаларын, ЕАЭБ өлкөлөрүндө ыйгарым укуктуу экономикалык оператор институтун өнүктүрүү, бажы транзитинин жол-жоболорун өркүндөтүү, бажы операцияларын өркүндөтүүгө карата бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу, мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүү жана башка бир катар маселелерди ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов Бирлик мамлекеттеринин бажы кызматтарынын Бириккен коллегиясынын мүчөлөрү менен талкуулады.

Каралган күн тартибинин актуалдуулугу трансчек аралык өткөрүүлөрдүн көбөйүшү жана бажылык башкарууда заманбап маалыматтык технологияларды интенсивдүү колдонуу зарылдыгы менен шартталган.

"Бириккен коллегия жана ал кабыл алган чечимдер – бирликтик укукту модернизациялоо көз карашынан алганда маанилүү курал. Себеби, бажы мыйзамдарын бузуунун алдын алуу жана бөгөт коюу чөйрөсүндөгү биздин өз ара аракеттешүүлөр бир түрдүүлүккө муктаж, – деп баса белгиледи Максат Мамытканов. - Бүгүнкү күндө санариптик транспорттук коридорлорду уюштуруу жана электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу менен бажы транзитинин бирдиктүү системасын түзүү негизги милдет болууда".

 Маалымат

ЕАЭБ мамлекеттеринин бажы кызматтарынын Бириккен коллегиясынын отурумдары квартал сайын өткөрүлөт. Бажы иши чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыттарды аныктоо, бажы саясатынын негизги аспектилери боюнча Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бажы ведомстволорунун практикалык өз ара аракеттенүүсүн координациялоо - Бириккен коллегиянын ишмердигинин негизги багыттары болуп саналат.