Жаңылыктар

16.04.2024

Максим Ермолович: "ЕЭК аянтчасында монополияга каршы органдардын кыйла тыгыз өз ара иштешүүсү иликтөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт"

Атаандаштыкка каршы иштер боюнча жүргүзүлүп жаткан иликтөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Евразия экономикалык бирлигинин укугун жакшыртуу маселелерин 15-апрелдеги жолугушууда Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович жана Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын жетекчиси Максим Шаскольский талкуулашты.

"Улуттук атаандаштык ведомстволору менен тыгыз иштер жүргүзүлүүдө, кыйла кылдат иштеп чыгууну талап кылган маселелер бар", – деди ЕЭК министри. Максим Ермолович ЕАЭБдин эксперттик аянтчаларында чек ара аралык рыноктордо иликтөөлөрдү жүргүзүүдө компетенциялар маселелерин кыйла жигердүү талкуулоонун зарылдыгын белгиледи.

"ЕЭКке ЕАЭБ рынокторунун адилеттүү атаандаштык принциптеринде натыйжалуу иштешин камсыз кылуу милдеттерин чечүүдө маанилүү роль берилген, өз тарабынан Россиянын ФМКК Комиссияга биргелешкен иштин бардык багыттары боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр", – деп баса белгиледи Максим Шаскольский.

Беларусь Республикасында өтө турган, катышуучу мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин "5+1" форматындагы жолугушуусунун күн тартибиндеги маселелер каралды. Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңеште төрагалык кылуучу тарап катары Россиянын ФМКК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгү белгиленди.

Тараптар эл аралык аянтчаларда биргелешкен демилгелерди өз ара колдоо зарылдыгына ишенимин билдиришти.