Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин экономика факультетинин деканы, экономика илимдеринин доктору, профессор Александр Аузан менен жолугушуу өткөрдү.
Максим Ермолович бул чөйрөдө дүйнөнүн алдыңкы окумуштуулары жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн негизги жождору, анын ичинде ММУ тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянуу менен атаандаштыкты өнүктүрүүнү илимий жактан коштоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Александр Аузан Бирликте атаандаштыкты өнүктүрүүгө ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикаларынын маданий коддорунун тийгизген таасири жөнүндө ой бөлүштү. Ал жасалма интеллекттин заманбап дүйнөгө жана дүйнөлүк экономиканын өзгөрүшүнө тийгизген таасири интернеттин таасиринен кем эмес чоң болорун белгиледи.
Тараптар ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКСтин өз ара иштешүүсүнүн перспективаларын, ошондой эле дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүн талкуулашты.
ММУнун атаандаштык маселелери менен алектенген окумуштууларынын жана Комиссиянын профилдик блогунун кызматкерлеринин туруктуу диалогун түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.