5-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович Минскте өткөн "ТИБО-2024" форумунун алкагында "Евразия санариптик бирлиги" тематикалык сессиясына катышты.
Катышуучулар Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жарандары үчүн төрт эркиндикти камсыз кылуунун, санариптештирүү шарттарында атаандаштыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу аспектилерин, ошондой эле техникалык жөнгө салуунун санариптик трансформациясынын абалын жана милдеттерин талкуулашты.
Максим Ермолович маркетплейстерди жөнгө салуу проблематикасына токтолду, анткени ири оюнчулар атаандаштыкты басуу жана керектөөчүлөрдүн тандоосун чектөө аркылуу рыноктогу позициясын кыянаттык менен колдонушу мүмкүн.
Ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринде жөнгө салуучулар жана мыйзам чыгаруучулар туш болгон негизги көйгөйлөр талкууланды: рынокто үстөмдүк кылуу, маалыматтардын ачыктыгы жана корголушу, контентке жоопкерчилик жана контролдоо, маркетплейстерге салык салуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жаңы рыноктордо атаандаштык эрежелерин сактоо.
"Жөнгө салуунун көйгөйлөрү болгону менен, онлайн-платформалар глобалдык рынокторго жеткиликтүүлүктү ачып, компанияларга дүйнөлүк экономикалык чөйрөдө эркин атаандашууга мүмкүндүк берди. Алар салттуу моделдерге чакырык жаратып, бизди бардык тараптардын: колдонуучулардын, сатуучулардын жана платформалардын өздөрүнүн кызыкчылыктарын эске алган жаңы, тең салмакталган эрежелерди жана мыйзамдарды кайра ойлонууга жана иштеп чыгууга мажбурлап жатат", – деди ЕЭК министри.