Жаңылыктар

25.11.2024

Максим Ермолович: "Бирлик өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларды санариптештирүү, алардын маалыматтык ачыктыгын камсыздоо маселелери – биздин артыкчылыктарыбыздын бири"

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасында санариптик укукту өнүктүрүү жөнүндө парламенттик угууда билдирди.

Максим Ермолович эскертип өткөндөй, Стратегия-2025те Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларды санариптештирүү, алардын маалыматтык ачыктыгын камсыздоо, анын ичинде сатып алуулар жөнүндө маалыматка, ак ниетсиз жеткирүүчүлөрдүн реестрине жана мүчө мамлекеттердин сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына тоскоолдуксуз жетүүнү уюштуруу аркылуу камсыздоо; банктык кепилдиктерди өз ара таануу, улуттук режимдерден алып коюуларды кыскартуу каралган.

Улуттук режимдин шарттарында мамлекеттик сатып алуулардын максаттары үчүн электрондук санариптик кол тамганы өз ара таанууну камсыздоого негизги роль бөлүнөт. Тийиштүү Эрежелердин текстинин үстүндө тараптардын эксперттери жигердүү иштеп жатышат. Бирлик жөнүндө келишимге Комиссиянын Кеңешине аларды бекитүүгө компетенция берген өзгөртүүлөр киргизилген.

Банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө келишимди ратификациялоо процесси аяктоодо.

Мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын чыгарылган өлкөсүн тастыктоодо бир түрдүү ыкма колдонуу үчүн Комиссия ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте бул максаттар үчүн товарлардын айрым түрлөрү чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелерин дайыма өркүндөтүп турат. Алар бирдиктүү санариптик ресурсту – Евразиялык өнөр жай товарларынын реестрин түзүүгө мүмкүндүк берди. Бул реестр мүчө мамлекеттерде өндүрүлгөн продукция жөнүндө маалыматтарды алууну унификациялоого шарт түздү.

Евразиялык өнөр жай товарларынын реестринен алынган маалымат (көчүрмө) – бул бирдиктүү документ, аны берүү ЕАЭБдин мүчө бир мамлекетинин потенциалдуу жеткирүүчүлөрүнүн экинчисинин мамлекеттик сатып алууларына тоскоолдуксуз катышуусун камсыздайт. Азыркы учурда Евразиялык реестрде 208 өндүрүшчүнүн 19 450 товары жөнүндө маалыматтар камтылган.

"Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө санариптик күн тартибин ишке ашыруу боюнча эң мыкты перспективалар – алдыңкы улуттук тажрыйбадан "өсүп чыккан" демилгелерде. Бизде буга чейин иштеп жаткан долбоорлор бар, мисалы, сатып алуунун жаңы ыкмасын – электрондук дүкөн киргизүү. Биз келишим түзүүнү жана даттанууну тариздөөнүн электрондук форматына өтүүгө, сатып алуулар жол – жоболорун жүргүзүү мөөнөттөрүн кыскартууга умтулабыз", – деп белгиледи ЕЭК министри.