Жаңылыктар

27.05.2022

ЕАЭБдин эл аралык кызматташтыгы тышкы сооданын өсүшүнө өбөлгө түзүүдө

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда 27-майда Евразия экономикалык комиссиясы мамлекет башчыларына 2021-жылга ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын жүзөгө ашыруу жөнүндө баяндама сунуштады.

Документте белгиленгендей, 2021-жыл Бирликтин эл аралык ишмердигинин учурдагы багыттарын аларды практикалык мазмун менен толтуруу жолу менен өнүктүрүү көз карашынан алганда маанилүү жыл болду.

"Бирликтин эл аралык уюмдар менен кызматташтыгынын географиясынын жана сапатынын адымдап кеңейиши, диалогдун иш-тажрыйбалык мазмунга толушу улантылды. Алардын көпчүлүгү менен диалог Комиссиянын бардык блокторунун катышуусу менен системалык жана пландык негизде түзүлдү. Мындай кызматташтык Комиссияга экономиканын ар кандай тармактарындагы жөнгө салуунун мыкты тажрыйбаларын биринчи булактардан алууга, ошондой эле эл аралык аренада Бирликтин кызыкчылыктарын илгерилетүүгө мүмкүндүк берет", - деп жазылат баяндамада.

Комиссия менен ШКУнун өз ара аракеттенүүсүн формалдаштыруу, ошондой эле АСЕАН менен кызматташтыкты адымдап өнүктүрүү, маңызынан алганда, ЕАЭБ - ШКУ- АСЕАН жаңы интеграциялык контурун жол-жоболоштурууга мүмкүндүк берди. ЕАЭБ менен КМШнын өз ара аракеттенүүсү жаңы багытка ээ болду - биринчи планга Комиссиянын Бирликтин укугун жана КМШнын ченемдик базасын айкалыштыруу боюнча ык-амалдарды иштеп чыгуу боюнча иши, анын ичинде ЕАЭБ менен КМШнын алкагында иштелип жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун ортосундагы каршылыктарды жоюу боюнча иштер чыгарылды.

ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасынын көлөмү 2021-жылы 35,1%га көбөйүп, 844,2 млрд АКШ долларына жеткен, анын ичинде экспорт - 44,1%га 525,7 млрд АКШ долларына чейин, импорт - 22,6%га 318,5 млрд АКШ долларына чейин жеткен.

Бирликтин жаңы өнөктөштөрүнүн саны көбөйдү. 2021-жылдын 31-декабрына карата Комиссия тарабынан үчүнчү өлкөлөрдүн өкмөттөрү, министрликтери жана ведомстволору менен кызматташтык же өз ара түшүнүшүү жөнүндө 26 меморандум, аймактык интеграциялык жана мамлекеттер аралык бирикмелер менен 12 меморандум, эл аралык уюмдар менен 44 меморандум түзүлгөн. ЕАЭБ жана анын мүчө мамлекеттери үчүнчү өлкөлөр менен алты соода келишимине кол коюшту.

ЕАЭБ мамилелерин жол-жоболоштурган үчүнчү өлкөлөрдүн жана аймактык бирикмелердин ИДӨсү 40,4 трлн АКШ долларын түзөт (дүйнөлүк ИДӨнүн 31,6%ы). Бул өлкөлөрдүн калкы - 3,9 миллиард адам (дүйнө калкынын 51%ы).