Жаңылыктар

11.01.2023 (Обновлено: 16.01.2023 10:09)

Михаил Мясникович Имангали Тасмагамбетовду Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Имангали Тасмагамбетовду Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

"Мамлекеттик кызматтагы Сиздин башкаруучулук бай тажрыйбаңыз, жогорку инсандык сапаттарыңыз жана эл аралык кадыр-баркыңыз ЖККУнун өнүгүүсүнө жана бүткүл Евразия мейкиндигинде анын таасирин бекемдөөгө олуттуу салым кошот деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо катында. 

Михаил Мясникович Имангали Тасмагамбетовго чың ден- соолук, бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү эл аралык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.