Жаңылыктар

16.09.2022 (Обновлено: 26.09.2022 09:28)

Михаил Мясникович Самарканд шаарында болуп өткөн ШКУ саммитине катышты

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 15-16-сентябрда Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышты.
Саммиттин талааларында ЕЭК Коллегиясынын башчысы бир катар жолугушууларды өткөрдү: Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Владимир Макей, Беларусь Республикасынын биринчи вице-премьери Николай Снопков, Азербайжан Президенти Ильхам Алиев менен, Түркмөнстандын вице-премьери, ТИМ башчысы Рашид Мередов, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин төрагасы – Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен, Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана Ишеним Чаралары боюнча Кеңешменин (АӨИЧК) Катчылыгынын аткаруучу директору Кайрат Сарыбай, Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиянын (ЭСКАТО) Аткаруучу катчысы Армида Салсиа Алисджабана, Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Владимир Норов, ЕЭК Кеңешинин мүчөсү, Казакстан Республикасынын Премьер-министрдин орун басары – соода жана интеграция министри Серик Жумангарин менен.

ШКУ саммити акыркы үч жылдан бери биринчи жолу көздөшүү форматында өткөрүлүп, ага 15 өлкөнүн лидерлери келишти. Туруктуу мүчөлөрдөн тышкары (Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан) байкоочу статусуна ээ болгон мамлекет башчылары (Иран, Беларусь жана Монголия) жана өнөктөш өлкөлөр (Түркиянын, Азербайжандын жана Түркмөнстандын лидерлери) катышышты. Саммитке ошондой эле ШКУ Башкы катчысы, ШКУ РАТТ Аткаруу комитетинин директору жана эл аралык уюмдардын: ЕЭК, ЭСКАТО, КМШ, ЖККУ, БУУ, СВМДА, АСЕАН, ОЭС жетекчилери катышты.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча ШКУга кирген мамлекеттердин лидерлери Самарканд декларациясын бекитишти. Ошондой эле ар кандай тармактарда өз ара иштешүү жөнүндө документтердин топтому бекитилди.

Декларация аймактык туруктуулукту камсыздоого, туруктуу экономикалык өнүгүүгө, транспорттук-коммуникациялык байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле маданий диалогду тереңдетүүгө карата биргелешкен мамилелерди аныктайт.

Беларусь Республикасынын ШКУга кирүү жол-жобосун баштоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

ШКУ жана ЕАЭБ – Евразиянын ири бирикмелери, алар региондо үстөмдүк кылуучу географиялык абалды ээлешет. ШКУнун үлүшү дүйнөлүк ИДӨнүн 30%дан ашыгын, дүйнөлүк сооданын 16%дан ашыгын, дүйнөлүк калктын 41%дан ашыгын түзөт. ЕАЭБ – бул бирдиктүү эрежелер боюнча жашаган 184 млн адамдан ашык сыйымдуулуктагы рынок. Факт жүзүндө ЕАЭБ жана ШКУ евразиялык континенттин өзөгүн түзөт.

ЕАЭБ жана ШКУ ырааттууулук менен өз ара аракеттенүүсүн тереңдетип келишет. Өткөн жылы ЕЭК менен ШКУ Катчылыгынын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. Үстүбүздөгү жылда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович ШКУ Башкы катчысы Чжан Мин менен эки жолу жолугушту – май айында Москвада жана Самаркандагы саммитинин алдында. Жакынкы убакта тараптар ЕЭК менен ШКУ Катчылыгынын ортосунда Меморандумду ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына кол коюшу керек. Документ макулдашуунун акыркы баскычында турат жана эки бирикменин дараметтеринин андан аркы синергиясы үчүн негиз болмокчу.