Өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда жана Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү өлкөлөрдөн өнөктөштөрү менен кызматташуусунда каржылык көмөк көрсөтүү маселелерин Евразия экономикалык комиссиясынын жана ЕАЭБ Ишкер кеңешинин өз ара иштешүүсү боюнча Консультативдик кеңештин сегизинчи отурумунун катышуучулары талкуулашты. Иш-чара 28-ноябрда Санкт-Петербургда болуп өттү.
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович белгилеп өткөндөй, дүйнөлүк экономикада ЕАЭБдин үлүшү жетишсиз өсүүдө жана бул инвестициялык ишмердүүлүктүн жогору эмес темптерине байланыштуу.
"ЕАЭБ иштеген 8 жылдын ичинде сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча калктын жан башына ИДӨ 22,8 миң АКШ долларынан 33,6 миң АКШ долларына чейин же дээрлик бир жарым эсеге көбөйгөн. Салыштыруу үчүн - өткөн жылы калктын жан башына ИДӨнын дүйнөлүк орточо деңгээли 20,6 миң АКШ долларын түзгөн. Жаман эмес сыяктуу, бирок Бирликтин дүйнөлүк экономикадагы үлүшү олуттуу өскөн жок. Менин көз карашымда, негизги себеп инвестициялык ишмердүүлүктүн арымдары жетишсиз болуп жаткандыгында", – деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.
Ал ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары инвестициялардын көлөмүн эки эсеге көбөйтүү милдетин койгонун жана бул иште бизнестин жардамына муктаждык бар экенин кошумчалады. Михаил Мясникович, кийинки жылы Бирликтин бюджетинен кооперациялык долбоорлорду колдоого 20 млн АКШ долларын бөлүү пландаштырылып жаткандыгын баса белгилегенди жана бизнес-коомдоштукту долбоордук иштерге, өзгөчө жогорку технологиялык чөйрөлөргө жигердүү кошулууга чакырды.
ЕЭК Коллегиясынын башчысы бизнеске келечектүү иштер үчүн жакшы сигнал берилип жаткандыгына көңүл бурду – жылдын аягына чейин ЕАЭБди 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде өнүктүрүү декларациясынын бекитилиши күтүлүүдө: "Бул өз ара ишенимдин тартыштыгын жоюучу абдан конкреттүү документ. Ошондуктан өз ара соодага киргизилген тарифтик эмес чектөөлөр минималдаштырылат деп ойлойм".
Мындан тышкары, ал ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаменти Комиссиянын жана ЕАЭБдин Ишкер кеңеши менен өз ара иштешүүсү боюнча "бирдиктүү терезе" катары иштеп жатканын эскертти. Үстүбүздөгү жылы ишкер чөйрөлөрдүн 75 көйгөйлүү маселелери каралып, иштелип чыккан.
Отурумдун катышуучулары үчүнчү өлкөлөрдөн өнөктөштөрү менен кызматташууну кеңейтүү келечегин талкуулашты жана Өзбекстан жана Африка өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүгө өзүнчө токтолушту.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин Ишкер кеңешинин жана ЕЭКтин профилдик түзүмдүк бөлүмдөрүнүн үчүнчү өлкөлөрдөн өнөктөштөрү менен евразиялык бизнестин практикалык кызматташтыгын андан ары арттыруу үчүн биргелешкен иш-чаралар планын түзүү чечими кабыл алынды.