Жаңылыктар

24.03.2023 (Обновлено: 28.03.2023 10:08)

Михаил Мясникович: "ЕАЭБ өлкөлөрү Нижегород областынын тышкы соода байланыштарында маанилүү ролду ойношот"

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү Нижегород областынын тышкы соода байланыштарында маанилүү ролду ойношот. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн жылга салыштырмалуу Бирлик мамлекеттерине Нижегород областынын экспортунун суммардык көлөмү дээрлик бир жарым эсеге (42,4%га) өскөн, ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттун суммардык көлөмү үчтөн бирден ашык (35%га) өскөн. Бул туурасында Нижегород областынын бизнес-коомчулугу менен жолугушууда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович билдирди.

Комиссиянын башчысы белгилеп өткөндөй, Нижегород областы үчүн негизги өнөктөштөр болуп ЕАЭБдин эки өлкөсү саналат: Беларусь, анын үлүшүнө облустун ЕАЭБ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсүнүн дээрлик 70%ы туура келген жана Казакстан – 20%дан ашыгы туура келет. Армения менен Кыргызстандын үлүшү – 3%га жакын.

"Бирок региондун ишканаларынын ЕАЭБдин бул өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрү менен да өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу дарамети бар деп эсептейм", – деп баса белгиледи Михаил Мясникович.

Бирлик өлкөлөрү роботтоштурулган комплекстерди иштеп чыгуу чөйрөсүндө, текстиль өнөр жайында, радиоэлектроникада, курулуш жабдууларын жана материалдарын, өнөр жай инструменттерин өндүрүүдө, орун жайларды жана кеме жабдууларын долбоорлоодо, жыгач иштетүүдө, металлургияда, авто- жана тиричилик химиясын өндүрүүдө, соодада нижегороддук инновациялык-технологиялык компаниялар менен кызматташууга чоң кызыгуу көрсөтүшүүдө.

"Өндүрүштүк жогорку технологиялуу чакан жана орто компаниялар – бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн өсүү чекиттери. Өнүгүү үчүн мындай ишканаларга илимий изилдөөлөр жана адистештирилген жабдуулар, өзгөчө компетенциялар жана улуттук жана улуттуктан жогору деңгээлдерде кошумча колдоо чаралары керек. Бул чаралардын бардыгы өзүнө технопарктарды камтыйт – алардын кызмат көрсөтүүлөрү көптөн бери эле Россияда жана Беларуста инновациялык бизнестин туруктуу суроо-талабына ээ", — деп белгиледи Михаил Мясникович, ошондой эле ал Комиссиянын аянтчасында да ЕАЭБ ишканалары үчүн инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүүчү жигердүү иштер жөнүндө маалымдады.

ЕАЭБдин өнөр жай саясатынын негизги максаттарынын бири болгон импортту алмаштыруу жана технологиялык суверенитет жөнүндө өзүнчө сөз болду.

"Бул багытты өнүктүрүү үчүн оң мисал катары, Нижний Новгород шаарындагы "Импорт жана импорт алмаштыруу борборун" келтирүүгө болот. Ал нижегороддук ишканалар үчүн ЕАЭБде өнөктөштөрдү издөө жана биргелешкен кооперациялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча жакшы аянтча боло алат", — деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. 

Михаил Мясниковичтин айтымында, ЕАЭБ деңгээлинде аларды Бирликке алып келүү импорттун көлөмүнүн олуттуу бөлүгүн түзгөн продукцияны алмаштырууну эске алуу менен, кооперациялык байланыштарды өнүктүрүү боюнча системалуу иштерди жүргүзгөн Комиссия түзүлгөн.

"ЕАЭБдин индустриалдаштыруу картасы түзүлгөн жана Бирликтин сайтында жайгаштырылган, бүгүнкү күндө анда 25 тармакта 270 млрд АКШ долларынан ашык жалпы суммада 158 долбоор көрсөтүлгөн", — деп маектешине ЕЭК Коллегиясынын башчысы маалымдады.

Михаил Мясникович ошондой эле импортту алмаштыруу аспектисинде кооперациялык байланыштарды өнүктүрүү үчүн Бирликтин жалпы рыногунда тоскоолдуктарды алып салуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул үчүн Комиссия системалуу негизде өнөр жай кызматташтыгы чөйрөсүндө тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн система түзүүчү ишканаларын сурамжылоону жүргүзөт.

"Биздин өндүрүүчүлөрдүн кооперациялык долбоорлорун колдоо максатында Комиссия Евразия өнүктүрүү банкынын катышуусу менен каржылоонун улуттуктан жогорку механизмдерин иштеп чыгууда", – деп кошумчалады Михаил Мясникович.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын сөзү боюнча, Комиссия тарабынан иштелип жаткан жаңы механизмде, өнөр жайдагы кооперациялык долбоорлор үчүн финансылык уюмдар тарабынан ишканаларга берилген насыялар жана зайымдар боюнча пайыздык чендердин бир бөлүгүн субсидиялоо каралган.

"Бирлик өлкөлөрүнүн президенттери 2022-жылдын декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда Комиссиянын бул демилгесин колдогон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, түзүлүп жаткан субсидиялоо фонду жыл сайын болжол менен 16-17 млрд рубль өлчөмүндө долбоорлорду каржылоого мүмкүндүк берет. Биз каржылоону 2024-жылдан баштап баштоону пландап жатабыз", — деп түшүндүрдү Михаил Мясникович.

"Дал ушул маселеде биз бизнестин жигердүү катышуусуна ишенебиз, ал кооперация боюнча кыйла ыңгайлуу иштин механизмин калыптандырууга мүмкүндүк берет", – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. 

Жолугушуунун аягында Михаил Мясникович Нижегород областынын Өкмөтүнө жана бизнес-коомчулугуна иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Комиссиянын аянтчасында биргелешип иштөөгө чакырды.

Маалымат

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушууга 50дөн ашык нижегороддук ишкерлер катышышты. Жолугушуу "Анкудиновка" технопаркында өттү.

Иш-чарага ошондой эле: Нижегород областынын губернаторунун орун басары Егор Поляков, Нижегород областынын өнөр жай, соода жана ишкердик министри Максим Черкасов, Нижний Новгород шаарындагы "Россиялык экспорттук борбор" АКнын өзгөчөлөнгөн бөлүмүнүн жетекчиси Николай Ереев, Экспортту колдоонун регионалдык борборунун (НО ЭРБ) жетекчиси Ольга Бронцева, импорт жана импортту алмаштыруу борборунун директорунун орун басары (НО ИИАБ) Сергей Рябов, региондун ишкердикти колдоо инфраструктурасынын, областтын өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү катышышты.