Жаңылыктар

27.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 13:06)

ЕЭК министри Сергей Глазьев жана Ирандын элчиси Казем Джалали кызматташтыкты өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Казем Джалали соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүнү, ошондой эле келечектеги өз ара аракеттенүүнүн предметтик алкагын кеңейтүүнү талкуулашты. Жолугушуу 27-июлда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы жана ЕАЭБдин жана Ирандын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып келген Убактылуу макулдашууну ишке ашыруу жөнүндө пикир алмашышты.

ЕЭК министри ЕАЭБдин компетенциясына өткөрүлүп берилген кеңири сандагы маселелер боюнча Иран менен өз ара аракеттенүү үчүн инфраструктураны түзүүнүн, ошондой эле мындай диалогго ишкердик коомдоштуктарды тартуунун үстүнөн ойлонуп көрүүнү сунуш кылды.

Казем Джалали, өз кезегинде, ЕАЭБдин жана Ирандын ортосундагы Убактылуу макулдашууну узартуунун, ушул жылдын 21-июлунда ЕЭК делегациясынын Тегеранга сапарынын жүрүшүндө жетишилген эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүүнүн үстүнөн иштин жогорку темптерин белгиледи.

Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинин жана анын мүчө мамлекеттеринин, бир тараптан, жана, экинчи тараптан, Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашууга 2018-жылдын 17-майында кол коюлган жана 2019-жылдын 27-октябрында күчүнө кирген.