КЭРдин тышкы иштер министри Цинь Ган Михаил Мясниковичке ыраазычылык катын жөнөттү

Кытай Эл Республикасынын ТИМинин башчысы Цинь Ган Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичке КЭРдин тышкы иштер министри болуп дайындалгандыгына байланыштуу куттуктоо каты үчүн ыраазычылык билдирди.

"Сиз — кытай элинин эски досусуз. "Бир алкак, бир жол" курулушун жана Евразия экономикалык бирлигин айкалыштыруунун алкагында кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү улантуу үчүн Сиз менен жакшы жумушчу мамилелерди түзүүгө үмүттөнөм", – деп белгиледи Цинь Ган Михаил Мясниковичке жолдогон ыраазычылык катында.