Жаңылыктар

27.11.2023

ЕЭКтин өнөр жай жана АӨК боюнча министри Артак Камалян кооперациялык долбоорго каржылоону кантип алуу керектигин айтып берет

11-декабрда Москва убактысы боюнча саат 11.00дө Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасынын аянтчасында Евразия экономикалык бирлигинде өнөр жай кооперациясын финансылык колдоо механизминин ачык презентациясы сунушталат.


Иш чарага катышууга ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр менен кооперациялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар болгон өнөр жай ишканаларынын, тармактык бирикмелердин, ошондой эле бийликтин регионалдык органдарынын өкүлдөрү чакырылат.

Жолугушуунун катышуучулары кооперациялык долбоор каржылык колдоо алуусу үчүн кандай критерийлерге жооп бериши керектигин, карыз алуучу жана финансылык уюмдар үчүн кандай талаптар коюлганын, ошондой эле реалдуу сектордун кайсы тармактары колдоо көрсөтүү үчүн артыкчылыктуу болуп саналаарын билишет.

Каржылоо механизмин ишке ашыруу жөнүндө суроолорго Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана АӨК боюнча министри Артак Камалян жооп берет, ал жетектеген багыт жаңы механизмди иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө жооптуу.

Жолугушууга мүчө мамлекеттердин соода-өнөр жай палаталарынын, тармактык өнөр жай бирликтеринин жана бизнес-бирикмелердин өкүлдөрү катышат.

Иш-чара онлайн режиминде туташуу мүмкүнчүлүгү менен аралаш форматта өтөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментине Елена Астапьевага кайрылууну өтүнөбүз , тел.: +7 (495) 669 24 00, кош. 48 78.

Иш-чарага катышууну төмөнкү электрондук почта аркылуу ырастоого болот: astapeva@eecommission.org.

Маалымат

2023-жылдын 26-октябрында Евразия өкмөттөр аралык кеңеш Өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери тарабынан аларды ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү жөнүндө жобону бекиткен.