Бирликтин мүчө мамлекеттеринин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңеши ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында ЕАЭБдин жалпы энергорынокторун түзүүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун негизги принциптерин жана багыттарын карап чыкты. Жогорку деңгээлдеги кеңешме 29-мартта ЕЭК аянтчасында болуп өттү.
Тараптар эл аралык келишимдерди даярдоонун айрым аспектилерин жана жүрүшүн талкуулашты: Бирликтин газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү жөнүндө. "Биз жакын арада Бирликтин органдарынын деңгээлинде макулдашылбаган маселелерди предметтик талкуулоону улантууга ниеттенебиз", – деп маалымдады ЕЭК министри.
Энергетика министрлери ошондой эле жалпы энергорыноктордун иштөөсүнүн сезимтал маселелери боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерге жетишүүгө умтулууларын ырасташты.
Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө тараптар мүчө мамлекеттердин жана жалпысынан ЕАЭБдин энергетикалык коопсуздугун камсыздоо бөлүгүндө көрүлүп жаткан чаралардын жетиштүүлүгүн белгилеп, энергетикалык коопсуздукту күчөтүү боюнча кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө ниетин билдиришти.
"ЕАЭБ мүчө мамлекеттери бир катар позициялар боюнча бир пикирде. Энергоресурстардын жалпы рынокторун түзүү жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы жана маанилүү милдети болуп саналат", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев.