Жаңылыктар

25.05.2022 (Обновлено: 10.06.2022 15:13)

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетика министрлери электр энергиясынын жалпы рынокторунун ченемдик базасынын жөнгө салынбаган жоболорун талкуулашты, ошондой эле соода аянтчаларын тандоону макулдашышты

Энергоресурстардын жалпы рынокторунун ченемдик базасын түзүү энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин Кеңешинин 25-майда Бишкекте өткөн отурумунун негизги темасы болду.

Маселелердин олуттуу бөлүгү Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногун (Бирликтин ЖЭР) түзүүгө тиешелүү болду. Министрлер Бирликтин ЖЭР алкагында электр энергиясын (кубаттуулуктарды) мамлекеттер аралык берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк эрежелеринин долбоорлорунун айрым жөнгө салынбаган жоболорун жана Бирликтин ЖЭРде эркин эки тараптуу келишимдерди каттоо тартибине, ар бир мамлекеттер аралык кесилиште электр энергиясынын сальдо-агымынан четтөөлөрдүн чоңдугун аныктоого тиешелүү болгон өз ара соода эрежелерин талкуулашты. Ошондой эле электр энергиясынын сальдо-агымынын саат сайын четтөөлөрүнүн наркын аныктоо принциптери талкууланды. Жолугушуунун катышуучулары келишимдин шарттары боюнча пикир келишпестиктер болгон учурларда, электр энергиясын соодадан тышкаркы мамлекеттер аралык берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн шарттарын талкуулашты.

Энергетика министрликтеринин жетекчилери Бирликтин ЖЭРде мөөнөттүү контракттар боюнча жана бир сутка эрте электр энергиясы менен борбордоштурулган сооданы уюштуруу тапшырылган соода аянтчаларын тандоону макулдашышты.

Мөөнөттүү контракттар боюнча борборлоштурулган сооданы уюштуруу үчүн 3 соода аянтчасы аныкталды: "Казакстандык электр энергия жана кубаттуулук рыногунун оператору " ("КЭКРО" АК), "Санкт-Петербург Эл аралык товардык-чийки зат биржасы" АК жана "Беларусь универсалдык товардык биржасы " ААК, планга ылайык, көрсөтүлгөн алар соода аянтчаларынын бирдиктүү соода сессиясында бүтүмдөрдү түзүшөт.

 Борборлоштурулган бир сутка эрте сооданын оператору катары "Электр энергиясынын дүң рыногунун соода тутумунун администратору" АК аныкталган.

 Аталган соода аянтчаларын тандоону Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши кезектеги отурумдун алкагында бекитүүсү күтүлөт.

 Ошондой эле кеңешменин алкагында Бирликтин мүчө мамлекеттеринин энергетика чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин Кеңешин түзүү зарылдыгы жана анын иштеши боюнча уюштуруу документтери макулдашылды.

"Электр энергетикасы жаатындагы эксперттердин үзгүлтүксүз жана жигердүү ишинин натыйжасында, азыркы учуда Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунун иштөө эрежелеринин долбоорлору жогорку даярдыкта. Калган пикир келишпестиктерди жөнгө салууга багытталган аракеттер рынокту белгиленген мөөнөттө ишке киргизүүгө мүмкүндүк берерине ишенем", - деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Темирбек Асанбеков. 

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү