Евразия экономикалык бирлигинде кооперациялык өнөр жай долбоорлорун каржылоонун жаңы тутумун ишке киргизүү маселеси Екатеринбург шаарында өткөрүлгөн "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында өткөн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин бешинчи отурумунун башкы пункту болуп калды.
"Ушул жылдын май айында биздин өлкөлөрдүн президенттери Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде кол койгон ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү ратификациялоодон кийин, Евразия экономикалык комиссиясы Бирликтин бюджетинен өнөр жайдагы көп тараптуу долбоорлорду каржылоо боюнча жаңы ыйгарым укуктарга ээ болду, – деп билдирди Артак Камалян. - Азыркы учурда Комиссия евразиялык "бешилтиктин" мамлекеттеринин профилдик министрликтери менен бирдикте өнөр жай кооперациясына финансылык көмөк көрсөтүү механизмин иштеп чыгууда, ал мүчө мамлекеттердин технологиялык өнүгүүсүн тездетет жана биздин өлкөлөрдүн чакан экономикаларына жаңы технологияларды иштеп чыгууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат".
Артак Камаляндын сөзү боюнча, механизмди ишке киргизүү үчүн Кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларды ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү тартиби жөнүндө жобо иштелип чыгууда жана ушул жылдын күзүндө Бирлик мамлекеттеринин премьерлеринин деңгээлинде кол коюлат. Документ долбоорлорго, карыз алуучуга, каржы уюмдарына карата критерийлерди жана талаптарды, ошондой эле субсидиялоо механизминин иштөө тартибин, анын ичинде процесстин бардык катышуучуларынын жоопкерчилигин жана каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоону аныктайт.
"Жаңы механизмди практикалык түрдө ишке киргизүү үчүн укуктук негизди түзүү менен бирге биз "3+" форматындагы интеграциялык долбоорлорду издөө менен алектенебиз, аларды ишке киргизүү биздин "пилотубуздун" негизи болушу мүмкүн, – деп белгиледи ЕЭК министри. - Азыр, жана мүмкүн болушунча эртерээк, биринчи кезекте субсидиялоо программасына киргизүү үчүн артыкчылыктуу тармактарды аныктоо маанилүү. Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин өнөр жай министрликтеринен бул багытта күч-аракеттерди активдештирүүнү өтүнөм".
Өнөр жай саясаты боюнча Кеңештин отурумунун алкагында Артак Камалян ошондой эле 2030-жылга чейин өнөр жайды өнүктүрүүнүн жаңы стратегиялык ыкмаларын даярдоонун жүрүшү жөнүндө айтып берди (ӨКНБ 3.0).
2025-жылдан 2030-жылга чейин өнөр жай кызматташтыгынын негизги максаты ЕАЭБ мамлекеттеринин өнөр жай кызыкчылыктарын ишке ашырууну синхрондоштуруу үчүн стратегиялык багытты жана шарттарды түзүү болмокчу, бул дүйнөлүк чакырыктарга өз убагында жооп берүү үчүн зарыл.
"Алты багыт артыкчылыкта болот. Бул кадрлар, экспорт, технологиялар жана өндүрүштү экологиялаштыруу, ошондой эле ресурстар, каржы жана тармакты өнүктүрүү. Ар бир багытка өнөр жай кызматташтыгынын орточо алганда беш инструменти туура келет, - деп Артак Камалян түшүндүрдү. - Долбоорлорду ишке ашырууда биз каржылоонун жаңы механизмин колдонобуз. Бардык багыттар боюнча биргелешкен иш өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү, өз ара соода, өндүрүштүк кооперациянын индекси жана башкалар сыяктуу так индикаторлорго жетишүү менен байланыштуу болот".
Өнөр жай саясаты боюнча кеңештин мүчөлөрү документти иштеп чыгуунун мындай ыкмасын жана маанилүүлүгүн жактырышты, ошондой эле ӨКНБ – 2030тун концептуалдуу мазмуну боюнча өз сунуштарын беришти.
Артак Камаляндын сөзү боюнча, 2030-жылга карата өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1,4 эсеге көбөйүшү керек. Товарлардын өз ара соодасынын көлөмү жана изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга чыгымдар эки эсе көбөйөт.
Отурумдун катышуучулары Бирликтин алкагында технологиялык кызматташтыктын перспективаларын жана аны колдоо чараларын, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдө ЕАЭБдин өнөр жай аймактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү талкуулашты.
Жолугушуунун аягында Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын профилдик министрликтеринин башчылары Бирлик өлкөлөрүндө "ИННОПРОМ" өнөр жай көргөзмөсүн өткөрүү практикасын жайылтууда Комиссиянын демилгесин колдошту. Евразиялык форматта ар бир мамлекетте кезеги менен өткөрүлө турган жаңы иш-чара ЕАЭБдин өнөр жай тармагында жетишкендиктеринин борбордук, көрүнүктүү көргөзмөсү болуп калышы мүмкүн. Жолугушуунун катышуучулары мындай көргөзмөлөр кооперациялык берүүлөрдүн көбөйүшүнө, евразия өнөр жайынын имиджин жакшыртууга түрткү берет, биргелешкен ишканаларды түзүүгө өбөлгө болот деген пикирге келишти. Өкмөт төрагасынын орун басары - Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров күзгү "Иннопромду" 2024-жылы Арменияда өткөрүүнү сунуштады.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин отурумуна Өкмөттүн Төрагасынын орун басары – Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров, Армения Республикасынын экономика министри Ваган Керобян, Беларусь Республикасынын өнөр жай министри Александр Рогожник, Казакстан Республикасынын индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министри Марат Карабаев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев, ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко, ошондой эле Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Александр Шохин жана Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Сергей Катырин катышышты.
Маалымат
"Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсү Екатеринбургда 2010-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Иш-чаранын алкагында салттуу түрдө ЕАЭБ мамлекеттеринин жана чет өлкөлөрдүн реалдуу сектордогу жетишкендиктери көрсөтүлөт.
2019-жылдан тартып Бирликте өнөр жай өндүрүшү 7%га өскөн. Мүчө мамлекеттердин ортосундагы кооперациялык жөнөтүүлөрдүн көлөмү бир жарым эседен ашык көбөйдү. Эң мыкты динамиканы транспорт машина куруу (2,5 эсе өсүш), текстиль өнөр жайы (2 эсе өсүш), химия өнөр жайы (85% га) жана электрондук-оптикалык өнөр жайы (80% га) көрсөтүшкөн.