Евразия экономикалык комиссиясынын Жаштар кеңешинин ишмердигинде мыкты коомдук жана кесиптик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн кесипкөй жаштарынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгы туурасында Комиссиянын протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору, Жаштар кеңешинин Төрагасы Данияр Турусбековдун төрагалыгы алдында ЕЭКтин Жаштар кеңешинин отурумунда кеп болду.
Буга байланыштуу бир катар тиешелүү программаларды биргелешип иштеп чыгуу боюнча негизги өнөктөштөр менен кызматташтыкты тереңдетүү каралган. Регионалдык интеграциялык бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын жаштар кеңештери менен системалуу негизде өз ара аракеттенүү, ЕАЭБдин, үчүнчү өлкөлөрдүн жана регионалдык интеграциялык бирикмелердин ири форумдук аянтчаларында профилдик жаштар сессияларын уюштуруу пландаштырылат.
Данияр Турусбеков 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) өткөн КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форумунун жыйынтыктары жөнүндө айтып берди. Форум жаш катышуучулар үчүн уникалдуу аянтча болуп, аларга Бирлик мамлекеттеринин кызматташтыгын андан ары өнүктүрүүгө жана евразиялык интеграция идеясын кеңири жайылтууга түрткү бере турган демилгелер менен чыгууга мүмкүнчүлүк бергендиги белгиленген.
ЕЭКтин Жаштар кеңеши форумда айтылган сунуштарды мээ чабуулу форматында талкуулашты. Алсак, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин демилгелери каралды, тактап айтканда, жаштар демилгелерин колдоонун Евразиялык фондун түзүү, Бирлик өлкөлөрүнүн жаштарынын кайрылууларын кароо боюнча "бирдиктүү терезе" түзүү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарына ЕЭКте практикадан жана стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн берүү.
Ошондой эле ЕЭКтин Жаштар кеңешинин отурумунун катышуучулары форумда сунушталган жаштардын өкүлдөрүнүн сунуштарын иштеп чыгуу боюнча иштерге жигердүү катышууга даярдыгын билдиришти: евразиялык ишкердик коомдоштуктарды түзүүнү демилгелөө, жаштар туризмин, ЕАЭБде волонтердук кыймылды, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу ж.б.
Мындан тышкары, ЕЭКтин Жаштар кеңешинин отурумунун катышуучулары демилгелердин тизмесине толуктоолорду сунушташты: ЕЭКтин өнөктөш – жождору менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү; студенттик бирикмелер менен биргеликте евразиялык интеграция тематикасы боюнча жогорку окуу жайларынын жана жогорку окуу жайлар аралык илимий конкурстарын, дебаттарды өткөрүү; ЕЭК өкүлдөрүнүн мамлекеттик аттестациялык комиссияларга катышуусу. ЕЭКтин жаш кызматчыларынын ортосундагы социалдык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
"КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форумунун жыйынтыгы боюнча бизге жөнөкөй эмес милдет коюлган – Комиссияда да, Бирликте да жаштар күн тартибин өнүктүрүү боюнча системалык ишти уюштуруу. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы бизден конкреттүү жыйынтыктарды күтөт. Жыйынтык берүүгө умтулалы", – деп баса белгиледи Данияр Турусбеков.
ЕЭКтин Жаштар кеңешинин ишин активдештирүү максатында жакынкы отурумдардын биринде иш-чаралар планын бекитүү, ошондой эле ЕЭКтин Жаштар кеңешинин жаңыланган түзүмүнүн долбоорун кароо пландаштырылууда.