Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович 30-сентябрда Евразия экономикалык форумунун алкагында болуп өткөн ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун "Укук колдонуу практикасы жана монополияга каршы жөнгө салууну өнүктүрүү багыттары" тематикалык сессиясында негизги спикер катары чыгып сүйлөдү.
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин атаандаштык чөйрөсүндөгү улуттук юрисдикцияларынын алдында турган, чек ара аралык рынокторго таасирин тийгизген актуалдуу көйгөйлөр жана чакырыктар талкууланды.
Дискуссиянын жүрүшүндө бирдей атаандаштык шарттарын камсыз кылуу үчүн Комиссиянын ишмердигин өркүндөтүүнүн учурдагы механизмдеринин жана багыттарынын натыйжалуулук маселелери каралды.
Аталган рыноктордо монополияга каршы жөнгө салуунун призмасы аркылуу маркетплейстердин ишмердигин баалоого карата жалпы ыкмалар түзүлдү.
Иш чаранын катышуучуларынын көңүлү ошондой эле ЕЭКтин ишмердигинде ЕАЭБ Сотунун атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуулар жөнүндө иштер боюнча укуктук позицияларын калыптандырууга жана пайдаланууга бурулду.
Сессияда чек ара аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуулар жөнүндө арыздарды кароодо жана демилгелүү иликтөөлөрдү жүргүзүүдө атаандаштык чөйрөсүндө улуттук жөнгө салуучулардын жана ЕЭКтин өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Улуттук монополияга каршы органдардын жана ЕЭКтин атаандаштык үчүн терс таасирлердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча компетенциясындагы "боз зоналарды" жоюу зарылдыгы баса белгиленди.
Катышуучулар чарбакер субъекттер, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдүн компаниялары тарабынан Бирликтин чек ара аралык рынокторундагы атаандаштыктын жалпы эрежелерин сактоосун контролдоо маселелери боюнча улуттук жөнгө салуучулар менен ЕЭКтин ортосунда так маалымат алмашуунун зарылдыгына да макул болушту.