Жаңылыктар

27.03.2024

ЕЭК сайтында "бирдиктүү терезе" механизмин ишке ашыруунун артыкчылыктуу инструменттерин иштеп чыгуу үчүн сурамжылоо өтөт

Тышкы экономикалык ишмердикти жөнгө салуу тутумунда "бирдиктүү терезе" механизмин ишке ашыруунун артыкчылыктуу инструменттерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ "бирдиктүү терезе" механизмин ишке ашыруунун инструменттеринин артыкчылыктуулугун баалоо максатында, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн кызыкдар мамлекеттик органдарын, юридикалык жактарын жана бизнес-коомчулуктарын сурамжылоо үчүн анкеталардын формаларын макулдашты.

Евразия экономикалык комиссиясынын расмий сайтында сурамжылоо жүргүзүү боюнча уюштуруу маселелери талкууланды. Сурамжылоону апрель айынын аягында баштап, 2024-жылдын май айынын аягында аяктоо пландалууда.

Артыкчылыктуу инструменттерди иштеп чыгуу биздин өлкөлөргө жаңы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен тышкы экономикалык ишмердик тутумунда "бирдиктүү терезе" улуттук механизмдерин биргелешкен күч-аракеттер менен жакшыртууга мүмкүндүк берет, бул бизнес үчүн тышкы экономикалык ишмердикти жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана мамлекеттик органдар үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жана мамлекеттик функцияларды жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга жана мөөнөттөрүн кыскартууга мүмкүндүк берет.

Маалымат

Бул иштер Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы № 12 "Комиссия тарабынан мүчө мамлекеттер менен бирдикте тышкы экономикалык ишмердикти жөнгө салуу тутумунда "бирдиктүү терезе" механизмин ишке ашыруунун артыкчылыктуу инструменттерин иштеп чыгуу боюнча иштерди алып баруусу" чечими менен бекитилген 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын 9.4-пунктун жүзөгө ашыруунун алкагында жүргүзүлөт.

"Бирдиктүү терезе" механизмин ишке ашыруу инструменттеринин артыкчылыгы сурамжылоо ыкмасынын негизинде аныкталат.

Сурамжылоо жүргүзүү боюнча методикалык сунуштамалар Комиссиянын Коллегиясынын 27.12.2023-жылдагы № 42 "Тышкы экономикалык ишмердикти жөнгө салуу тутумунда "бирдиктүү терезе" механизмин ишке ашыруунун артыкчылыктуу инструменттерин иштеп чыгуу жөнүндө" сунуштамасы менен бекитилген.