Жаңылыктар

13.03.2023 (Обновлено: 14.03.2023 16:41)

ЕЭКтин сайтында ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө алып коюулардын жүргүзүүгө пландаштырылган Реестри жайгаштырылган

Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин баракчасында, ЕЭКтин расмий сайтынын "Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат" бөлүмүндө ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин мамлекеттик сатып алууларды, белгилүү бир потенциалдуу жеткирүүчүдөн конкреттүү мамлекеттик сатып алууларды жана улуттук режимден алып салууларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрүн белгилөө жөнүндө актыларды кабыл алгандыгы жөнүндө билдирүүлөрүнүн реестри жайгаштырылган.

Улуттуктан жогорку орган тарабынан мындай реестрдин киргизилиши, ЕЭК Кеңеши тарабынан 2022-жылдын декабрында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү улуттук режимден алып салууларды белгилөө жөнүндө актыларды кабыл алуу жөнүндө билдирүүлөрдү Комиссиянын кароо тартибине киргизилген өзгөртүүлөр менен каралган.

Реестр алып коюулар, өзгөчөлүктөр жана конкреттүү мамлекеттик сатып алуулар, ошондой эле алар Тартиптин талаптарына, жөнгө салуунун белгиленген квалификациясына ылайык келиши жөнүндө маалыматты жана башка маалыматтарды камтыйт.

Актылардын долбоорлору жөнүндө маалымат улуттук режимден алып салууларды киргизүү же болбосо өзгөчөлүктөрдү белгилөө процессинин айкындуулугун жогорулатуу максатында, ЕАЭБдин расмий порталында ачык жеткиликтүүлүктө жайгаштырылат. Мындай маалыматтар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн гана эмес, ЕАЭБ мамлекеттеринде мамлекеттик сатып алууларга катышууга кызыкдар бизнес үчүн да кызыкдар болушу мүмкүн.

Билдирүүлөрдүн Реестри менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышууга болот:

https://eec.eaeunion.org/comission/department/cpol/zakupki/