2023-жылдын I чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу Арменияда, Казакстанда жана Кыргызстанда салыктык кирешелер тиешелүүлүгүнө жараша 15,5%, 23,5% жана 20%га өскөн. Ошол эле учурда Казакстанда салыктык эмес кирешелер (-39,2%), ал эми Россияда — бюджеттин суммардык кирешелери (-10,5%) төмөндөдү.
Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин бюджеттеринин салыктык кирешелеринин негизги үлүшүн төмөнкүлөр түздү: Арменияда – киреше салыгы жана КНС, Казакстанда жана Россияда – пайда салыгы жана КНС, Кыргызстанда – КНС.
Статистикалык маалымат кененирээк ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында “Каржы статистикасы” бөлүмүндө келтирилген.