Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасына караштуу Илимий-техникалык кеңештин президиумунун сегизинчи отурумунун катышуучулары Евразия экономикалык бирлигин узак мөөнөттүү келечекте экономикалык өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, мүчө мамлекеттердин жождору менен кызматташтыкты тереңдетүүнү жана башка маселелерди талкуулашты. Отурум Патрис Лумумба атындагы Россия элдер достугу университетинин (РЭДУ) аянтчасында III Евразиялык аналитикалык форумдун алкагында Евразиялык маалыматтык-аналитикалык консорциумдун (ЕМАК) Координациялык кеңешинин колдоосу менен өттү.
ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри, Илимий-техникалык кеңештин төрагасынын орун басары Сергей Глазьев технологиялык жана дүйнөлүк чарбалык көнүмүштөр алмашкан шарттарда евразиялык интеграцияны андан ары өнүктүрүү маселелери боюнча мазмундуу баяндама менен чыгып сүйлөдү.
"Дүйнөлүк экономиканын түзүмдүк өзгөрүүлөрүнүн натыйжасында регионалдык экономикалык бирикмелердин мааниси өсүүдө. Жаңы дүйнөлүк тартипте эң чоң артыкчылыктарды колдо болгон ресурстарды билгичтик менен жана тез колдоно алгандар жана жасалма интеллект, биогенетикалык инженерия тутумдарынын мүмкүнчүлүктөрүн, уюштуруу жана башкаруу формаларын, коопсуздук тобокелдиктерин эске алуу менен жаңыларын түзө алгандар алышат", – деп белгиледи Сергей Глазьев. Анын сүйлөгөн сөзүнүн презентациясы төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү.
ЕАЭБде илимий-техникалык өнүгүүнүн келечектүү багыттарынын катарында ал машина куруу, курулуш, биотехнологиялар, экономиканы санариптештирүү жана башка тармактардагы жаңы технологияларды атады. Бүгүнкү күндө эле алар мүчө мамлекеттердин экономикалык өсүшүнүн жылдык орточо арымдарынын өсүшүнө салым кошууда жана бул тенденция күчөй берет.
Сергей Глазьев ЕАЭБди өнүктүрүүнүн ар кандай сценарийлерин сунуштады, аларга ылайык 2035-жылга карата ИДӨнүн өсүү арымы 2,2%дан 5,5%га чейин жетиши мүмкүн.
РЭДУ ректору Олег Ястребов жана РЭДУ президенти Владимир Филиппов кадрларды сапаттуу даярдоонун маанилүүлүгүн белгилешти жана ар кандай интеграциялык бирикмелердин: БРИКС, ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жождорунун өз ара иштешүүсүнүн тармактык формаларын түзүү боюнча ишти колдошту. Ошондой эле алар экономика, юриспруденция жана эл аралык мамилелер жаатындагы программаларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
ЕМАК Координациялык кеңешинин Төрагасы Николай Бордюжа 23-октябрда III Евразиялык аналитикалык форумдун иши башталарын анонстоду, анын жүрүшүндө ЕАЭБде интеграциялык процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуунун кошумча механизмдерин жана инструменттерин талкуулоо пландаштырылат.
"Консорциум аймактык өнүгүүнүн артыкчылыктар тутумун калыптандыра ала турган жана стратегиялык башкаруу тутумунда ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин региондорун өнүктүрүүнүн стратегиялык программасынын ордун белгилей ала турган, ЕАЭБдин мейкиндикти өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууга жигердүү катышууга даяр", — деп белгиледи Николай Бордюжа.
Иран Ислам Республикасынын элчисинин орун басары Малеки Хоссейн Чоң Евразия форматында күчтүү жана туруктуу инфраструктураны түзүү, атап айтканда, "Түндүк – Түштүк" эл аралык транспорттук артериясын түзүү маселелерине кайрылды. Ал долбоорду ишке ашыруу үчүн Россия менен Ирандын ортосундагы "Түндүк-Түштүк" долбоорунун алкагында ушул жылдын 17-майында түзүлгөн Решт-Астара жолунун 160 чакырымдык бөлүгүн биргелешип куруу тууралуу келишим негиз болорун баса белгиледи. Долбоордун жалпы наркы 1,6 миллиард еврону түзөт. Аталган жол бөлүгүнүн курулушуна 1,3 млрд евро суммасында мамлекеттер аралык насыя бөлүнөт. Малеки Хоссейн долбоорду ишке ашырууда тараптардын туруктуулугуна үмүт артарын билдирди.
Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин профессору Александр Иванус өз сөзүндө эсепке алуунун, баалоонун, сертификаттоонун жана чарбалык жүгүртүмгө материалдык эмес активдерди, интеллектуалдык менчиктин илимий-техникалык объектилерин киргизүүнүн дүйнөлүк тенденцияларын баяндады.
Россиялык илимдер академиясынын (РИА) Коомдук илимдер боюнча илимий маалымат институтунун (КИИМИ) директору Алексей Кузнецов Чоң Евразиянын аналитикалык борборлорунун атласын – Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Россия, Тажикстан, Өзбекстандан 250 аналитикалык уюмду камтыган маалымдаманы сунуштады. Мындан тышкары, ал мындай уюмдардын дайыма жаңыланып туруучу эксперттер базасын түзүү пландарын айтты.
РФ Өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин эл аралык экономикалык мамилелер факультетинин деканы Павел Селезнев Сергей Глазьевдин жетекчилиги алдында евразиялык интеграциянын базалык кафедрасын түзүү процесси башталгандыгы тууралуу маалымат берди. Кафедра Бирликтин билим берүү потенциалын өнүктүрүүгө жана интеграциялык процесстерди жайылтууга өбөлгө түзөт.
Отурумдун катышуучулары кызматташууну улантууга, Илимий-техникалык кеңештин эксперттик тобунун ишинде ЕМАКтын дараметин пайдаланууга макулдашышты.
Маалымат
Илимий-техникалык кеңеш Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасынын буйругу менен 2020-жылдын 13-мартында түзүлгөн. ЕАЭБдин Илимий-техникалык өнүгүү комиссиясынын кеңеш берүүчү органы катары иштейт. Түзүмү боюнча Кеңештин президиумунан жана эксперттик топтон турат. Президиумдун курамына Комиссиянын министрлери жана мүчө мамлекеттердин ар биринен экиден өкүл кирет: улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги жана билим берүү жана илим жаатындагы министрдин орун басарлары. Эксперттик топтун курамына Бирликтин өлкөлөрүнөн эксперттер киришет жана алар бул орган үчүн техникалык экспертизанын керектүү деңгээлин камсыздашат.
Евразиялык маалыматтык-аналитикалык консорциум, анын ичинде ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аналитикалык чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жана окумуштууларынын өз ара иштешүүсүн камсыз кылат. Консорциумдун иши евразиялык интеграция процесстерин көз карандысыз баалоого, интеграциялык бирикменин деңгээлинде чечимдерди кабыл алууда эске алынышы мүмкүн болгон сунуштамаларды иштеп чыгууга багытталган.