Кыйыр салыктарды баруучу өлкө принциби боюнча алуу механизми төмөнкүлөрдү караштырат:
- интернет-аянтчаларды алыстан жана жеңилдетилген тартипте салык эсебине тургузуу жана КНСти төлөө,
- маркетплейстерге жеке сатуучулар үчүн КНСти төлөө боюнча салык агентинин функцияларын ыйгаруу,
- салыктардын туура эсептелишин, алынышын жана которулушун контролдоо үчүн салык органдарына маалыматтарды берүү.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары аталган мамилелердин маанилүүлүгүн белгилешти жана Бирликтин каржы министрликтерине, салык кызматтарына жана ыйгарым укуктуу органдарына ЕАЭБ жөнүндө келишимге жана анын 18-тиркемесине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун 10 күндүк мөөнөттүн ичинде иштеп чыгууга тапшырма беришти.
"Электрондук коммерция рыногу активдүү өсүүдө, жана биздин жалпы милдетибиз – Евразия экономикалык бирлигинин катышуучу өлкөлөрүнүн мамлекеттик бюджеттерине зыян келтирүүсүз, анын өнүгүүсү үчүн оптималдуу жана жагымдуу шарттарды түзүү", – деп ишенет Руслан Бекетаев.