Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен Куба сооданы күчөтүү максатында ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн үстүндө жигердүү иштеши абзел. Мындай пикирге эксперттер 30-сентябрда Ереванда өткөн Евразия экономикалык форумунун программасынын алкагында өткөн "ЕАЭБ – Куба" бизнес-диалогунун жүрүшүндө келишти.
"Куба Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин регионунда ЕАЭБдин негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Биз ишкердик коомдоштуктун фармацевтика, медициналык кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарба продукциясын өндүрүү, энергетика, транспорт сыяктуу чөйрөлөрдөгү соода-экономикалык кызматташтыкка иш жүзүндө кызыгуусун көрүп жатабыз", – деп белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян.
Гоар Барсегян баса белгилегендей, ЕАЭБ менен Кубанын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда өз ара иштешүүнү өнүктүрүү үчүн ЕЭК өзүнүн инфраструктурасын сунуштайт. ЕЭК менен Кубанын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум менен түзүлгөн биргелешкен комиссиянын отурумдарынын алкагында, Бирлик жана Куба өлкөлөрүнүн ишкерлеринин катышуусу менен бизнес-семинарлар же бизнес-миссиялар өтүүдө, Бирлик өлкөлөрүнүн компаниялары салтуу түрдө, кубалык эң ири конгресстик-көргөзмө иш-чарасына - FIHAV жарманкесине катышышат.
ЕАЭБ өлкөлөрү жана Куба күч-аракеттерин топтошу керек болгон кызматташтыктын багыттарын Кубанын тышкы соода жана чет элдик инвестициялар министринин орун басары Деборах Ривас Сааведра баса белгиледи. Бул тармактар куба экономикасынын күчтүү жактары менен байланышкан – туризм, жеңил өнөр жай, суусундуктарды жана тамак-аш өнүмдөрүн өндүрүү менен.
Кубанын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү жана Бирлик өлкөлөрүнөн эксперттер бүтүндөй Латын Америка регионунун керектөө рыногуна чыгуу үчүн Кубада биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн белгилешти. Мындай биргелешкен ишканалар цитрус жемиштерин, чочко этин жана канаттуулар этин өндүрүү, кубалык өнөр жай өндүрүшүн модернизациялоо, экономиканы санариптик трансформациялоо, ЕАЭБ өлкөлөрүнө, ошондой эле региондун үчүнчү өлкөлөрүнө да экспорттоо үчүн органикалык жер семирткичтерди жана башка товарларды өндүрүү, ошондой эле күн панелдерин колдонуу менен электр энергиясын генерациялоо менен алектене алмак.
Өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана колдо болгон соода-экономикалык потенциалды кыйла сапаттуу колдонуу боюнча сунуштар менен Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин вице-президенти Сергей Красильников бөлүштү. Жалпысынан алганда, бул сунуштар жерди пайдалануу жана интеллектуалдык менчик жаатындагы укуктук мамилелер, Кубада мобилдик байланыштын жана төлөм тутумдарынын иштеши, банктардын филиалдарын ачуу, логистиканы өркүндөтүү, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдүн желектери астында кемелердин деңиз портторуна кирүүсү, кубанын эмгек рыногун жөнгө салуу ж. б. сыяктуу багыттар боюнча кыйла тыгыз иштешүүсү менен байланышкан.