Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тараптардын кескин керектүү импорт товарларынын айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымдарынын нөлдүк чендеринин жана тарифтик жеңилдиктердин аракетинин мөөнөтүн 2023-жылдын 31-мартына чейин узартуу жөнүндө сунуштарын жактырды.
ЕЭК Коллегиясынын компетенциясына кирген бир катар товардык позициялар боюнча чечим Комиссиянын Кеңешинин тапшырмасы боюнча жакынкы убакытта кабыл алынмакчы.
"Жазында кабыл алынган бажы-тарифтик жөнгө салуу чаралары оң натыйжа бергенине карабастан, айрым кескин керектүү позициялар боюнча алымдарды нөлгө түшүрүү же тарифтик жеңилдиктер жарым жылга узартылмакчы. Кеп баштапкы тизмедеги товарлардын болжол менен төрттөн бир бөлүгү жөнүндө болууда", - деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Атап айтканда, узартуу төмөнкү чийки заттарга тиешелүү болмокчу: фармацевтикалык жана химиялык продукциялар, лактар, боектор, текстиль жана булгаары иштетүү үчүн каражаттар, желимдердин жана крахмалдардын айрым түрлөрү, пластмасса, резина жана алардан жасалган буюмдар, целлюлозадан айрым буюмдар, жүн, пахта жана зыгырдан чийки заттар, химиялык жиптер, ийрилген жиптер жана булалар. Ошондой эле тизмеге дары-дармек каражаттары, медициналык жабдуулар, лабораториялык изилдөөлөр үчүн реагенттер сыяктуу бир катар даяр буюмдар кирет.
Чечимдер 2022-жылдын 1-октябрынан тарта келип чыккан укук мамилелерине карата колдонулат.
Маалымат
ЕАЭБтин экономикалык туруктуулугун жогорулатууга жана тышкы басым шарттарында ички рынокту керектүү товарлар менен толтурууга багытталган биринчи кезектеги колдоо чараларын көрсөтүү максатында, буга чейин ЕЭК Кеңешинин төмөнкү чечимдери кабыл алынган: 2022-жылдын 17-мартындагы № 37, 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 46, 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 76, ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын 2022-жылдын 12-апрелиндеги № 63 жана 2022-жылдын 19-апрелиндеги № 66 чечимдери. Бул чечимдерде товарлардын кеңири номенклатурасына (ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 1307 коддору) карата алып келүү бажы алымдарынын чендерин 2022-жылдын 30-сентябрына чейин нөлгө түшүрүү каралган. Чара ЕАЭБдин бир катар өлкөлөрүндө даяр продукциянын керектөөчүлөрүнө да, импортко көз каранды өндүрүүчүлөргө да олуттуу колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берген.