ЕАЭБден сырткары өлкөлөргө товарлардын экспорту 2021-жылда 44,1%га өсүп, 525,7 млрд АКШ долларын түздү. Тышкы рынокко экспорттун көлөмдөрүнүн өсүшү товарларды экспорттук жеткирүүлөрдүн Беларустан 47,8%га, Россиядан – 47%га, Казакстандан – 25,8%га жана Армениядан – 16,8%га өсүшү менен шартталган.
Тышкы сооданын баа шарттары экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларга баалардын жагымдуу катышы менен мүнөздөлгөн (баа шарттарынын индекси – 136%).
ЕАЭБден экспорттолуучу товарлардын негизги сатып алуучулары Европа бирлигинин (алардын үлүшү экспорттук жеткирүүлөрдүн 42,2%ын түздү) жана АТЭС өлкөлөрү (28,3%) болду. Өлкөлөрдүн ичинен ЕАЭБден товарларды жеткирүүчүлөр боюнча Кытай (15,1%) жана Нидерланды (9,3%) алдыда турат. Бирликтин рыногуна товарларды негизги импорттоочулар Кытай (27,4%) жана Германия (9,8%) болуп саналат.
Азык-түлүк товарларын жана айыл чарба чийки заты менен активдүү соода жүргүзүлдү. 2021-жылда Бирликтин рыногуна жеткирүүлөрдүн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу Кыргызстандан 36,9%га, Россиядан – 31,4%га, Армениядан – 25,5%га өскөн.
ЕАЭБдин тышкы жана өз ара соодасы, негизги соода өнөктөштөрү, тышкы жана өз ара сооданын көлөмдөрүнүн динамикасы жана экспорттун жана импорттун товардык түзүмү жөнүндө кеңирирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында талдамалык материалдар бөлүмүндө жайгаштырылган талдамалык серептерде келтирилген.