Жаңылыктар

19.08.2022 (Обновлено: 26.08.2022 09:53)

ЕАЭБде медициналык буюмдардын жалпы рыногун салмактуу түзүү үчүн шарттар камсыз кылынды

19-августта Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медицина багытындагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоорун жактырды. Протоколдун долбоору ЕАЭБ мамлекеттерине протоколго кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду өткөрүү үчүн жөнөтүлдү.

Протокол медициналык буюмдарды улуттук эрежелер боюнча каттоо мүмкүнчүлүгүн караштырган өткөөл мезгилди 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартат. 

Протоколду кабыл алуу ЕАЭБдин алкагында медициналык буюмдардын жалпы рыногунун салмактуу түзүлүшүн камсыз кылат деп күтүлүүдө.