Жаңылыктар

26.12.2024

Ички рынокту коргоо чараларын колдонуу механизмдерин өркүндөтүү боюнча ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол жактырылды

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 26-декабрда Ленинград облусунда (РФ) өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары ЕАЭБ жөнүндө келишимге иликтөөлөрдү жүргүзүүдө жана атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда өзгөчө механизмге тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду жактырышты.

"Протоколдун негизги максаты процесстин бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын эске алууга, салмакталган жана ыкчам чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берген коргоо чараларын колдонуу жөнүндө чечимдерди даярдоого ык-амалдарды өркүндөтүү, мында максималдуу ийкемдүүлүктү берүү болуп саналат", — деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Алсак, Комиссиянын Коллегиясынын чараны колдонуу жөнүндө чечими өндүрүүчүлөрдү коргоону камсыз кылууда ЕАЭБдин айрым өлкөлөрү үчүн негизделген тобокелдиктерди жокко чыгарууга багытталган тең салмактуулук принцибине жооп бериши керек.

Бирликтин өндүрүүчүлөрү мүчө мамлекет тарабынан коргоо чарасына карата вето укугу колдонулган учурда пикир келишпестиктерди жөнгө салуунун кыйла ачык жол-жобосун алышат. Тактап айтканда, компромисстик чечимди издөө тезирээк уюштурулуп, коргоо чарасы күчүнө киргенге чейин алар үчүн терс кесепеттерди азайтууга мүмкүндүк берет. Зарыл болгон учурда ЕАЭБ Соту ишке тартылат, ал эми анын корутундулары чараны колдонуу жөнүндө жыйынтыктоочу чечимде эске алынат.

Өз кезегинде тергөөнүн объектиси болгон товарды керектөөчүлөр үчүн кошумча кепилдиктер каралган: эгерде рыноктук кырдаал муну талап кылса, коргоо чарасын киргизүү менен бирге керектөөчүлөрдү басмырлоого, товардын жеткиликтүүлүгү менен көйгөйлөргө, баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча өндүрүүчүлөргө сунуштар кабыл алынат.

Дагы бир жаңылык – ЕЭК Коллегиясынын "терс чечими" жөнүндө ченемдер: эгерде Коллегия мүчөлөрү сунушталган коргоо чарасына каршы болушса, бизнесте мындай чечимдин негизин түзгөн аргументтер менен таанышууга жана зарыл болгон учурда иштин жыйынтыгын ЕАЭБ Сотунда талашууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

"Түзөтүүлөр пакетине мүчө мамлекеттин жабыр тарткан өндүрүүчүлөрүнө демпингдик же субсидияланган импорт бүтүндөй Бирликке коркунуч келтирбеген учурларда да коргонуу укугун камсыз кылган жоболор да киргизилген. ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүнүн аймагында (өзгөчөлөнгөн рынокто) керектөө үчүн арналган товарларга карата гана чараларды киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү администрациялоо жол-жобосу иштелип чыкты, бул башка мүчө мамлекеттердин бизнеси үчүн терс кесепеттердин пайда болуу ыктымалдыгын азайтат", – деп жыйынтыктады Андрей Слепнев.