Жаңылыктар

24.09.2024

ЕАЭБде сыраны жана сыра ичимдиктерин санариптик маркалоонун бирдиктүү эрежелери аныкталды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Россия Федерациясынын демилгелүү сунушун карап чыгып, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө унификацияланган эрежелер боюнча сыранын жана сыранын негизинде даярдалган ичимдиктерди маркалоону киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Документке ылайык мүчө мамлекеттер өз аймагында көрсөтүлгөн продукцияны идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү күнүн жана тартибин өз алдынча аныкташат жана бул туурасында ЕЭКке алты айдан кечиктирбестен мурда маалымдашат.

"Чек ара аралык сооданын алкагында улуттук маркалоо операторлорунун өз ара аракеттенүүсү ЕАЭБде идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо тутумунун базалык технологиялык уюштуруу моделинин жаңыланган редакциясында каралган тартипте ишке ашырылат", – деп тактады ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Бирликтин бир катар өлкөлөрүндө товарлардын бул тобу акциздик категорияга кирерин эске алуу менен, улуттук мыйзамдардын деңгээлинде товарларга жасалмадан коргоо каражаттарын камтыган материалдык алып жүрүүчүнү түшүрүү жана акциздин толук төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматты берүү боюнча кошумча талаптар белгилениши мүмкүн.