Жаңылыктар

10.08.2022

Реэкспорттоодо бажылык транзит жол-жобосуна жайгаштырылбоочу товарлардын категориялары аныкталды

ЕЭК Коллегиясы реэкспорттоо максатында ЕАЭБдин бажы аймагы боюнча ташуу үчүн бажылык транзит жол-жобосуна жайгаштырылбоочу чет өлкөлүк товарлардын эки категориясын аныктады.

Кеп ЕАЭБдин бажы аймагында кайра иштетүү боюнча операцияларды ишке ашыруунун натыйжасында алынган кайра иштетүү өнүмдөрү, калдыктар, ошондой эле Бирликтин бажы аймагынан реэкспорт бажы жол-жобосуна ылайык алып чыгылган көп жолу жүгүртүлүүчү (кайтарылма) идиштер жөнүндө болууда.

Ошондой эле, аталган чечим Товарларга карата декларацияны толтуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизет. Реэкспорт бажы жол-жобосуна ылайык мындай товарларды бажылык декларациялоодо буга чейин транзиттик декларацияда көрсөтүлүп келген транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар товарларга карата декларацияларда көрсөтүлөрү каралган.