Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаменти Евразия экономикалык бирлигинин статистикалык ар жылдык китебин жарыялады.
Жылдык жыйнакта ЕАЭБ мамлекеттеринин 2018-2022-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктары, анын ичинде калк, жумуштуулук, жашоо деңгээли, билим берүү, баалар, ички дүң продукция, өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшү, инвестициялар, курулуш, транспорт жана байланыш, керектөө рыногу, финансы рыногунун субъекттери, төлөм балансы, мамлекеттик финансы жана акча системасы боюнча маалыматтар камтылган.
2018-2023-жылдар үчүн негизги социалдык- экономикалык көрсөткүчтөр АКШ долларынан тышкары ЕАЭБ мамлекеттеринин валюталарында эсептелген.
Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Статистикалык публикациялар" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.