Жаңылыктар

01.02.2023

БУУ уюмдары ЕЭК менен электрондук соода чөйрөсүн укуктук жөнгө салуу жаатындагы иштелмелер менен бөлүштү

Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында электрондук соода боюнча вебинар болуп өтүп, ага БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД), БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) жана БУУнун Эл аралык соода укугу боюнча комиссиясынын (ЮНСИТРАЛ) өкүлдөрү катышышты.

"Биз Комиссияга кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдардын алкагында көрсөтүлгөн, иш-чарага катышкан эл аралык уюмдардын эксперттик жардамын жогору баалайбыз. Күн тартибине ылайык, бизде практикалык-багытталган жана мазмундуу талкуу болот. Анын жыйынтыктары Евразия экономикалык бирлигинин электрондук соода жаатындагы укугун иштеп чыгууда колдонулат", – деп белгиледи ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков жолугушууну ачып жатып.

Комиссияда жүргүзүлүп жаткан иштерди сунуштап жатып, ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Аскат Беков интернет-сооданын жылдык өсүшү бүгүнкү күндө Бирлик боюнча орточо алганда 20-25%ды түзөрүн, буга көбүнчө Бирликтин Интернетте товар сатып алган керектөөчүлөрүнүн санынын көбөйүшү өбөлгө түзүп жаткандыгын айтты.

"Электрондук сооданын колдо болгон потенциалын өнүктүрүү максатында, Комиссия тарабынан 2020-жылдан тартып ЕАЭБ мейкиндигинде тармакты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көлөмдүү иштер жүргүзүлүүдө. 2021-жылдын ноябрында Бирлик өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тарабынан кабыл алынган жол картасынын негизги багыттарынын бири болуп, эл аралык макулдашуунун долбоорун даярдоо, андан кийин экинчи деңгээлдеги бир катар актыларды кабыл алуу саналат", - деп баса белгиледи ал.

БУУ уюмдарынын эксперттери e-commerc-те керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, атаандаштыкты өнүктүрүү, электрондук документтерди колдонуу, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо сыяктуу тармактардагы мыкты эл аралык тажрыйбалар жөнүндө маалымдашты.