Жаңылыктар

09.03.2023

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аккредиттөө боюнча органдары рынокто шайкештикти баалоо жөнүндө негизсиз берилген документтерди аныктоо боюнча өз ара иштешүүнү активдештиришет

Евразия экономикалык комиссиясы жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан биргелешип даярдалган, ЕАЭБдин аккредиттөөнү өнүктүрүү чөйрөсүндөгү документтеринин долбоорлору ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренконун катышуусу менен өткөн отурумда Бирлик өлкөлөрүнүн аккредиттөө боюнча органдарынын Жетекчилеринин кеңеши тарабынан макулдашылды.


Мындан тышкары, отурумдун жүрүшүндө рынокто белгиленген жол-жоболорду бузуу менен, шайкештикти баалоо жөнүндө негизсиз берилген документтерди – декларацияларды, сертификаттарды, продукцияга сыноолордун протоколдорун колдонууну табууга байланышкан бир катар маселелер каралды.

"Рыноктун жүгүртүмүндө шайкештигин баалоо жөнүндө негизсиз берилген документтер колдонулган продукцияны табууда аккредитациялоо жана көзөмөлдөө органдарынын натыйжалуу өз ара иштешүүсү, Бирликте мындай документтерди берген нысапсыз чарбакер субъекттердин ишине бөгөт коюу үчүн натыйжалуу инструментти түзүү, - Бирликтин калкын кооптуу продукциядан коргоону камсыздоонун системалуу механизми болууга тийиш", - деп белгиледи Виктор Назаренко.

Жетекчилер кеңеши ЕЭК министри тарабынан айтылган теманын актуалдуулугун колдоп, өз ара аракеттенүүнүн эки багыты боюнча ишти активдештирүү боюнча конкреттүү чараларды белгиледи:

аккредитттөө боюнча органдардын ортосунда, ошондой эле көзөмөлдөө органдарынын ортосунда. Ошону менен бирге, 2022-жыл үчүн көзөмөлдөө иш-чараларынын жыйынтыктарынын материалдары боюнча пилоттук долбоор тартибинде
Жетекчилер кеңешинин аянтчасында жакынкы айларда иш-аракеттердин тиешелүү алгоритмин иштеп чыгуу макулдашылды.

"Евразиялык интеграцияда Жетекчилер кеңешинин ролу туруктуу жогорулоодо. ЕЭК мамлекеттердин башчыларынын чечими боюнча түзүлгөн орган, анын ишмердиги биринчи кезекте, рынокто жүгүртүлүүчү продукциянын коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле улуттук ыкмаларды жана жол-жоболорду шайкеш келтирүүнүн, Келишимдин жоболорун жана Бирлик органдарынын кабыл алынган чечимдерин жүзөгө ашыруунун негизинде ЕАЭБде аккредиттөө чөйрөсүн андан ары өнүктүрүүгө байланыштуу жалпы рыноктун эң татаал жана актуалдуу маселелерин чечүүгө арналган", - деп ЕЭК министри талкуулардын жана Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин жакынкы келечекке өнүгүү багытын белгиледи.
Аккредиттөө боюнча кеңеш үстүбүздөгү жылы ЕАЭБ мамлекеттеринин аккредиттөө боюнча улуттук органдары тарабынан өз ара салыштырма баалоолорду өткөрүүгө старт берген. ЕАЭБ жөнүндө келишимдин уюштуруу иш-чаралары бөлүгүндө жоболорун ишке ашыруу максатында жүргүзүлүүчү, Бирликтин аккредиттөө чөйрөсү үчүн бул өтө маанилүү процесстин башталышы катары, отурумда Кыргыз аккредиттөө борборунун баалоо боюнча тобунун курамы бекитилген.

Ошондой эле Кеңеш тарабынан Бирдиктүү реестрге киргизилген аккредиттелген органдардын ишине даттанууларды кароонун жыйынтыктары жөнүндө тараптарды маалымдоо тартибинин долбоору макулдашылды, аны ушул жылы ЕЭК Коллегиясынын отурумуна кабыл алуу үчүн чыгаруу пландаштырылууда. Ошол эле учурда Жетекчилер кеңеши №36 "Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумунун алкагында ЕАЭБдин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын (анын ичинде сертификаттоо боюнча органдардын, сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү" жалпы процессин ишке киргизүүнү тездетүү үчүн зарыл болгон чечимдерди иштеп чыкты.


Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аккредиттөө боюнча органдарынын Жетекчилер кеңеши Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 5 Чечими менен Бирлик жөнүндө келишимди ишке ашыруунун алкагында техникалык жөнгө салуу жаатындагы аккредиттөөнү өнүктүрүү үчүн ЕАЭБдин көмөкчү органы катары түзүлгөн.