Жаңылыктар

24.05.2023

Коопсуздуктун минималдуу талаптарынан сапатты ар тараптуу камсыздоого

II Евразия экономикалык форумдун алкагында "Коомдун жана өнөр жайдын кызматында техникалык жөнгө салуу жана сапат инфраструктурасы" деген тематикалык сессияда төрагалык кылган Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко Евразия экономикалык бирлигинин техникалык жөнгө салуу системасын өнүктүрүүнүн ушундай стратегиясын көрөт.

"Экономикалык чөйрөдөгү интеграция олуттуу деңгээлде продукцияга талаптарды жана аларды рынокко чыгаруу эрежелерин белгилеген укуктук талаанын бирдейлиги менен аныкталат", – деп билдирди ЕЭК министри.

Сессиянын катышуучулары болгон ЕАЭБ мамлекеттеринин техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү, ишкер коомдоштуктар жана керектөөчүлөрдүн уюмдары ЕАЭБдин техникалык жөнгө салуу боюнча бирдиктүү системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Кооптуу продукцияга мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди мыйзамсыз берүүнү четтетүү маселелери Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин төрагасы Куаныш Еликбаевдин жана Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин өнөр жай саясаты жана техникалык жөнгө салуу боюнча РСПП комитетинин өнөктөш төрагасынын орун басары Андрей Лоцмановдун негизги темасы болду.

"Бүгүнкү күндө рынокту коргоонун эки негизги куралы бар, алар – шайкештикти баалоо жана мамлекеттик көзөмөл. Эгерде биринчи механизмди биз жигердүү өркүндөтүп жатсак, экинчиси – мамлекеттик көзөмөл – ЕАЭБдин көпчүлүк өлкөлөрүндө кооптуу продукциянын жүгүртүлүшүнө натыйжалуу каршы турууга өзүнүн жөндөмсүздүгүн көрсөтүүдө, – деп белгиледи кесиптештеринин чыгып сүйлөгөн сөздөрүнө комментарий берип жаткан Виктор Назаренко. — Албетте, мамлекеттик көзөмөл иш-чараларында документтерди текшерүүгө гана эмес, продукциянын коопсуздугуна түздөн-түз басым жасалышы керек".

Ошол эле учурда ЕАЭБде товарлар рыногунун абалына чыныгы баа берүүгө мүмкүндүк берген мамлекеттик көзөмөл органдарынын так маалыматы бирдиктүү техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн өтө маанилүү болуп саналат, – деп ишенет ЕЭК министри.

Росстандарттын жетекчиси Антон Шалаев өз сөзүндө милдеттүү жана ыктыярдуу чөйрөнү колдоо жана өнүктүрүү аспабы катары ЕАЭБ алкагында стандартташтырууну тездетип өнүктүрүү зарылдыгына көңүл бурду. Продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында ата мекендик өнөр жай тарабынан стандартташтыруунун талап кылынгандыгы 2022-жылы Россия Федерациясында иштелип чыккан стандарттардын көпчүлүгү ыктыярдуу чөйрөнү камсыз кылгандыгы менен тастыкталат.

Сессиянын катышуучулары менен Беларусь Республикасынын мамлекеттик стандартынын төрагасынын орун басары Елена Моргунова продукциянын сапатын мамлекеттик деңгээлде камсыздоону пландаштыруу тажрыйбасы жана Беларусь Республикасында мамлекеттик көзөмөлдүн практикасы менен бөлүштү. Баяндамачы угуучулардын көңүлүн ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан бирдиктүү техникалык жөнгө салуу максаттары үчүн мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууну биргелешип каржылоо маселесин чечүү зарылчылыгына бурду.

"Продукциянын сапатына байланыштуу маселелелерди мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн туруктуу жогорулатууну демилгелөөдө чоң роль ойнойт. Мында техникалык жөнгө салуу системасынын элементтери: стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, аккредиттөө жана өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу ата мекендик өнөр жайга олуттуу техникалык чечимдерди иштеп чыгууга жана атаандаштыкка жөндөмдүү болгон сапаттуу продукция чыгарууга мүмкүндүк берүүчү негизди түзөт", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча Борбордун директору Болотбек Нурматов өлчөөнүн бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташтыктын маанилүүлүгү жана ЕАЭБде өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү органдардын жетекчилеринин кеңешин түзүү жөнүндө айтып берди. Ал белгилегендей, Бирликте бир нече жылдар бою иштеп келген Стандартташтыруу жана аккредиттөө боюнча органдардын жетекчилеринин ушундай кеңештеринин иш тажрыйбасы актуалдуу маселелерди биргелешип чечүү үчүн мындай аянтчалардын натыйжалуулугун көрсөтүп турат.

Сессиянын катышуучулары ЕАЭБ алкагында бул чөйрөдө макулдашылган саясатка акырындык менен өтүү менен стандартташтыруу чөйрөсүндө да, продукциянын сапатын камсыздоо жаатында да координацияны кеңейтүү зарылдыгы жөнүндө бир добуштан пикирлерин билдиришти.

Бирликтин деңгээлинде жалпысынан бирдиктүү техникалык талаптарды белгилөө жол-жоболорунан тартып шайкештикти баалоо боюнча органдардын, сыноо лабораторияларынын, мамлекеттик көзөмөл органдарынын ишине чейин сапат инфраструктурасынын бардык элементтеринин биримдикте натыйжалуу иштеши коопсуз продукция рыногунун жана керектөөчүлөрдүн ишенимин камсыздоонун кепилдиги болуп саналат. Буга өз кезегинде Комиссиянын эгидасы астында иштелип чыккан жана Бирликтин кесиптик коомчулугу тарабынан кеңири талкууланган ЕАЭБде продукциянын сапатын камсыздоонун бирдиктүү системасын түзүү концепциясы багытталган. Аны кабыл алуу жана ишке ашыруу зарылдыгы сессиянын катышуучулары тарабынан маанилүү келечектүү маселелер катары таанылды.