Евразия экономикалык бирлигинде ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун (ЫЭО) институтун өнүктүрүүнүн перспективалары жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Сергей Владимиров Эл аралык бизнес-ассоциациялар бирлигинин тышкы экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү жетекчилеринин жыйынынын Пленардык отурумунун алкагындагы кеңешмеде билдирди. "КМШнын экономикалык өнүгүүсүнүн ишкер борбору" уюштурган иш-чара КМШнын Аткаруу комитетинин аянтчасында өттү.
Сергей Владимиров учурдагы жөнөкөйлөтүүлөрдү ишке ашыруунун, жаңы жөнөкөйлөтүүлөрдү киргизүүнүн контекстинде Бирликте ЫЭОну киргизүү боюнча иштин абалына кеңири токтолуп, Бирликтин ченемдик базасын өркүндөтүү, ЫЭОну өз ара таануу жана бул институтту ар тараптан колдоо жөнүндө макулдашууларды өнүктүрүү жөнүндө айтып берди.
"Бажынын жана бизнестин кызматташтыгынын эң оптималдуу модели болуп ЫЭО институту саналат, ал мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыктарынын балансын камсыз кылууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭК Департаментинин башчысы.
"КМШнын экономикалык өнүгүүсүнүн ишкер борбору" ассоциациясы КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин 2000-жылдын 21-июнундагы жана КМШнын Экономикалык кеңешинин 2002-жылдын 28-июнундагы чечиминин негизинде түзүлгөн.
Бажы ишинде ЫЭО — бул тышкы экономикалык ишмердиктин ак ниет жана ишенимдүү катышуучулары, бажы органдары алар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүшөт. Бул жактар бажы операцияларын жүргүзүүдө жана бажы контролун жүргүзүүдө артыкчылыктардан пайдаланышат. ЫЭО институтун колдонуу тенденциясы акырындык менен ар кайсы континенттердеги көбүрөөк өлкөлөрдү камтып келе жатат.