Евразия экономикалык бирлигинде органикалык продукциянын жүгүртүлүшүн жөнгө салууга карата түзүлгөн ык-амалдар жана ЕАЭБдин жалпы рыногунда мындай товарларды эркин жүгүртүү үчүн зарыл болгон аны өндүрүүгө, сертификаттоого жана маркировкалоого карата бирдиктүү талаптар жөнүндө "Органикалык өндүрүш: мүмкүнчүлүктөр, перспективалар жана эл аралык кызматташтык" Нева эл аралык экологиялык конгрессинин атайын сессиясынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян айтып берди.
ЕЭК өкүлү Бирликтин алкагында продукцияны органикалык деп таануу жөнүндө макулдашуунун долбоорун мамлекеттик ички макулдашуунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Документке кол коюу мындай өнүмдөрдүн жалпы рыногунун натыйжалуу иштеши үчүн жана ЕАЭБдин бардык аймагында алардын эркин жүгүртүлүшүн камсыз кылуу үчүн негиз болмокчу.
"ЕАЭБде өндүрүлгөн органикалык продукцияны сатуу үчүн негизги багыт европалык өлкөлөр бойдон калууда, перспективалуу рыноктор болуп Кытай жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү саналат. Негизинен органикалык буудай, рапс, күн карама, соя буурчактарын, жүгөрү жеткиребиз", – деп белгиледи Армен Арутюнян.
Комиссиянын өкүлү ошондой эле мүчө мамлекеттердин профилдик министрликтери менен биргеликте ЕЭК тарабынан даярдалган "ЕАЭБ органикалык атласы" маалымдамасы жөнүндө айтып берди. Жыйнакта Бирлик өлкөлөрүнүн органикалык продукциянын сертификатталган өндүрүүчүлөрү жана алар чыгарган продукция, ошондой эле органикалык секторду өнүктүрүү жөнүндө маалымат берилген.
Маалымат
Х Нева эл аралык экологиялык конгрессинин ишине Федерация Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары Андрей Яцкин, Россия Федерациясынын айыл чарба министринин орун басары Максим Увайдов, Россиянын сапат системасынын жетекчиси Максим Протасов, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун, россиялык аймактардын жана бизнестин өкүлдөрү катышышты. Ошондой эле иш-чаранын алкагында Россиянын Айыл чарба министрлиги "Россельхозбанк" АК менен биргеликте уюштурган органикалык продукциянын Биринчи Бүткүл россиялык жарманкеси ачылды, ага 31 россиялык региондон 60 өндүрүүчү катышты.