Жаңылыктар

23.11.2023

ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгарылып жаткан товарлардын келип чыгышын аныктоонун шайкештелген тутуму жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Документке Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү кол коюшту.

Буга чейин билдирилгендей, Макулдашуу Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн товарларды ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары алып чыгуунун алкагында алардын келип чыгышын аныктоо жана тастыктоо боюнча ык-амалдарын, анын ичинде мүчө мамлекеттерде экспортту жөнгө салуу чараларынын келип чыгышынан көз каранды болгон учурларын унификациялоого багытталган.

"Ташылып чыгуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо тутуму жөнүндө жаңы макулдашууну түзүү евразиялык интеграцияны өнүктүрүү бөлүгүндөгү маанилүү кадам болуп саналат. Жетишилген макулдашуулар тийиштүү маселелер боюнча болгон мамилелерди жакындатуу боюнча тараптардын узак сүйлөшүүлөрүн жыйынтыктады, – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. – Макулдашуу күчүнө киргенден кийин, товарларды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоону жүзөгө ашырган тышкы сооданын катышуучуларында товарлардын келип чыгышы менен иштөө жөнүндө бардык базалык жоболорду камтыган документ пайда болот. Бул бир эле учурда эки милдетти – Евразия товарларынын тышкы рынокторго жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүүнү жана Бирликтин ички рыногунда тоскоолдуктардын пайда болушуна жол бербөөнү чечүүгө жардам берет".
Макулдашуу ЕАЭБден ташып чыгарылуучу продукциянын келип чыгышын документтик тастыктоонун бирдиктүү механизмдерин түзүүгө жана экспорттоочулардын товардын келип чыгышы жөнүндө сертификаттарды берген уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү эрежелерин белгилөөгө багытталган.

Мындан тышкары, документ менен Бирликте ЕАЭБдин эркин соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүнө жеткирилген товарлардын преференциалдык келип чыгышын ырастоого мүмкүндүк берген жаңы институтту - ыйгарым укуктуу экспорттоочулар институтун түзүү боюнча укуктук негиз түзүлөт.

Мындай статусту алган ТЭИнин катышуучулары тарифтик преференцияларды өз товарларынын чыккан жери жөнүндө сертификаттарды жол-жоболоштурбастан пайдалана алышат. Тактап айтканда, аларды алуу ыйгарым укуктуу уюмдарга кайрылуу зарылдыгы менен коштолгон сертификаттардын ордуна тиешелүү авторизацияны алгандан кийин, алар өздөрүнүн убакытын жана финансылык ресурстарын үнөмдөө менен документтерди өз алдынча жол-жоболоштура алышат.

Макулдашууда экспорттук жөнгө салуу чаралары колдонула турган товарлардын келип чыгышын аныктоо маселелеринде да маанилүү роль берилген. ЕАЭБдин бажы чек арасында тигишсиз ички контур түзүлүүдө, анын пайда болушу бешилтиктин өлкөлөрүнө жөнгө салуунун экспорттук чараларын жакшы ыңгайлаштыруу мүмкүнчүлүктөрүнө жаңыча кароого мүмкүндүк берет, ошону менен өз ара соодада мезгил-мезгили менен келип чыгуучу чектөөлөрдү минималдаштырат.

"Макулдашуу ратификациялоодон өтүп жаткан учурда, биз Экспорттолуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо боюнча атайын эрежелердин долбоору боюнча ишти аягына чыгарышыбыз керек, алар башкаруунун "бирлик ичиндеги" деп аталган контурунда колдонулат жана Бирликтин чегинен тышкары чыгарылган товарларга карата мүчө мамлекеттер тарабынан киргизилген тарифтик эмес жөнгө салуу чараларынын натыйжалуулугун кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет. Макулдашуу ошондой эле ЕАЭБде ташып чыгуу бажы алымдарын алуунун бирдиктүү механизмин түзүү боюнча ишке жаңы импульс бериши керек", – деп кошумчалады Андрей Слепнев.




Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан ташылып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоонун шайкештелген тутуму жөнүндө макулдашуу 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын 3.1.7-пунктунда каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында иштелип чыгарылган.