25-сентябрда Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директорунун орун басары Григор Оганяндын төрагалыгы астында Евразия экономикалык комиссиясынын Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитетине караштуу бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.
Эксперттер бажы органы менен тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучусунун өз ара аракеттешүүсүндө электрондук документ жүгүртүү артыкчылыгына, ошондой эле кагаз жүзүндөгү документтерди минималдаштырууга багытталган товарларга декларацияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Товарларга декларацияда билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү тартиби Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2013-жылдын 10-декабрындагы № 289 чечими менен бекитилген.