Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан 21-апрелде 38 товардык позицияга карата өндүрүш шарттары жактырылды жана 174 товар үчүн чыгарылган өлкөнү Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларга катышуу үчүн СТ-1 формасындагы сертификат менен тастыктоо макулдашылды.
Комиссиянын атаандаштык блогу тарабынан "бешилтик" өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, бизнес-ассоциациялар жана ишкерлер менен биргеликте, аларды аткарууда пульсоксиметрлер, эндоскоптор, кан куюу үчүн аппаратура, тышкы дефибрилляторлор, үрөндөрдү тазалоо, сорттоо же калибрлөө үчүн машиналар, мунайгаз тармагы үчүн компрессорлордун жана аба соркысмаларынын айрым түрлөрү жана башка товарлар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында өндүрүлгөн болуп эсептеле турган өндүрүш шарттары макулдашылды.
ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султановдун айтымында, Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечим – бул сезилерлик алдыга жылуу.
"Өлкөлөр үчүн мамлекеттик сатып алуулар маселеси — өзгөчө сезимтал маселе, мында позицияларды макулдашуу процесси кыйла узак убакытты алат. Бүгүнкү чечим менен бир катар товарлар үчүн өндүрүш шарттары кабыл алынды, аларды аткарууда өндүрүүчү өзүнүн товарларын "евразиялык" деп тайманбай атай алат. Ошондой эле чечимде мурда тыюу салынган жана сатып алууларга катыша албаган 174 товар каралды. Эми бул "боз аймак" жоюлду. Байланыш каражаттары, медициналык жабдуулар, канцелярдык товарлар, дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн инвентарь жана жабдуулар жана башкалар сыяктуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн социалдык мааниге ээ болгон товарларды өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр СТ-1 сертификатынын негизинде өздөрү жөнүндө маалыматтарды Евразия реестрине кошуп жана сатып алуулардын толук укуктуу катышуучулары боло алышат", – деп жыйынтыктады ЕЭК министри.
Маалымат
Кабыл алынган чечимди эске алуу менен ЕЭК Кеңешинин 2020-жылдын 23-ноябрындагы № 105 чечими менен бекитилген Мамлекеттик сатып алуулар үчүн өнөр жай товарларынын айрым түрлөрү чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелери 14 өнөр жай тармактарынын 407 товардык аталыштары боюнча өндүрүш шарттарын камтыйт. Мындан тышкары, Эрежелер СТ-1 сертификатынын негизинде мамлекеттик сатып алууларга катышууга жол берилген 276 товардык позицияны камтыйт.