Евразия экономикалык комиссиясы Ереванда Армения Республикасынын табигый монополиялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар топтомун презентациялады. Сунуштар табигый монополиялар чөйрөсүндө "жол картасында" каралган, Бирлик өлкөлөрүнүн мыйзамдарын айкалыштыруу боюнча иш-чаралардын алкагында иштелип чыккан.
"Улуттук мыйзамдарды жакындатуу боюнча жалпы милдетти чечүү табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөргө, кайсыл өлкөгө таандыктыгына карабастан, Бирликте жөнгө салуу боюнча жалпы мамилелерди түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, бул жалпысынан "бизнес-климатты" жакшыртууга өбөлгө түзөт, – деп белгиледи ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары Айк Тутунджян.
Комиссиянын өкүлдөрүнүн, анын ичинде Коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу боюнча комиссиясынын, Аймактык башкаруу жана инфраструктура министрлигинин, Атаандаштыкты коргоо боюнча комиссиянын өкүлдөрү жана жетекчилиги менен бир нече жумушчу жолугушуулары болуп өттү. Жолугушуулардын жүрүшүндө тизмектин тийиштүү долбоорун даярдоонун мазмуну жана мөөнөттөрү талкууланды, Армения Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат көрсөтүү рынокторун табигый монополиялар чөйрөсүнө киргизүү же андан чыгаруу предметине талдоо жүргүзүү боюнча компетенцияларын ачуу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле Армения Республикасынын ченемдик укуктук актылары Бирликтин жумушчу орус тилинде жоктугуна байланыштуу, аларды ачуунун жана аналитикалык иштерди жүргүзүүнүн татаалдыгы маселеси козголду.
Маалымат
Комиссиянын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 37 тескемеси менен бекитилген, Бирликтин мүчө мамлекеттеринин табигый монополиялар чөйрөсүндө мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча тийиштүү чараларды ишке ашыруунун ырааттуулугун аныктоо боюнча иш-чаралардын (жол картасынын) планынын 10-пунктунда Бирликтин мүчө мамлекеттеринин табигый монополиялар чөйрөсүндө жакындашууга тийиш болгон ченемдик укуктук актыларынын тизмегинин долбоорун даярдоо каралган. Документ 2023-жылдын аягында Жогорку Евразия экономикалык кеңешине сунушталат.
Армения Республикасынын улуттук мыйзамдарынын өзгөчөлүгү болуп "табигый монополиялар" түшүнүгүнүн жоктугу саналат. Анын ордуна, "коомдук кызмат көрсөтүүлөр" деген түшүнүк бар. "Армения Республикасынын ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө келишимге" ылайык, Армениядагы табигый монополиялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө "Табигый монополиялардын субъекттеринин ишмердигин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколго" (ЕАЭБ жөнүндө келишимдин № 20 тиркемеси) карата № 1 жана 2-тиркемелерге киргизилген коомдук кызмат көрсөтүүлөр гана теңештирилет.