Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди, Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раисини, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди жана Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовду Нооруз (Наурыз, Навруз, Новруз) жаз майрамы менен куттуктады.
Михаил Мясникович куттуктоо каттарында бул майрам "байыркы салттардын символу катары руханий оболоону, ойгонууну жана жаратылыштын жаңылануусун билдирет. Миңдеген жылдар бою майрамдын салттары баркталып, муундан муунга берилип, элдерди бириктирет" деп белгиледи.
ЕЭК Коллегиясынын башчысы мамлекет башчыларына чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик жана эл аралык ишмердүүлүктөгү ийгиликтерди, ал эми Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Азербайжан Республикасынын жана Түркмөнстандын элдерине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.
Маалымат
Эл аралык Нооруз (Наурыз, Навруз, Новруз) майрамы, персид тилинен "жаңы күн" деп которулат жана 21-мартта белгиленет. Бул иран жана түрк элдеринин астрономиялык күн календары боюнча жаздын келишинин майрамы. Нооруз улуттук салт болуп саналат. 2009-жылы 30-сентябрда Нооруз ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилген, ошондон бери 21-март Эл аралык Нооруз майрамы деп жарыяланган.