Жаңылыктар

19.09.2023

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү "СТА" АКнын иши менен таанышты

18-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте "СТА" АКнын штаб-квартирасына барды. Бул компания бир сутка мурда борборлоштурулган сооданын операторунун жана Бирликтин жалпы электрэнергетикалык рыногунда каттоочунун функцияларын аткарат. Мындай чечим буга чейин ЕЭК Кеңеши тарабынан кабыл алынган.


СТА өкүлдөрү жолугушуунун катышуучуларына Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунун иштөө эрежелеринде каралган, бир сутка мурда борборлоштурулган сооданын операторунун жана каттоочунун функцияларын жүзөгө ашыруу тартибин сунушташты.

Сапардын жүрүшүндө электр энергиясынын жана кубаттуулуктун россиялык дүң рыногунун ишенимдүү жана ачык ишин камсыздаган ишкананын учурдагы ресурстары, ошондой эле "СТА" АКнын Бирликтин жалпы рыногунда өз функцияларын аткарууга даярдыгынын жана электрэнергиясын сатуунун технологиялык аянтчасын модернизациялоонун жүрүшү изилденди.

Арзыбек Кожошев "СТА" АК жетекчилигине жолугушууну уюштургандыгы жана электр энергетика рыногунун соода тутумунун, анын бизнес-процесстеринин жана программалык-аппараттык комплексинин ишин көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана келечектеги бир сутка мурда рыноктун технологиялык негиздеринин иштешин түшүнүү, тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктерди тез арада жөнгө салууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Маалымат

 Россиялык "Электр энергиясынын дүң рыногунун соода тутумунун администратору" акционердик коому (СТА) 2007-жылдын 13-декабрында катталган. Азыркы учурда "СТА" АК – "НП рынок кеңеши" ассоциациясынын 100% туунду компаниясы.

"СТА" АК электр энергиясынын жана кубаттуулуктун дүң рыногунда электр энергиясын, кубаттуулукту жана дүң рыногунда жол берилген сооданын башка объекттерин жүгүртүү боюнча бүтүмдөрдү түзүүгө жана аткарууну уюштурууга байланыштуу сооданы уюштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн.

Компания долбоорлоо, иштеп чыгуу, тестирлөө жана жогорку татаалдыктагы маалыматтык тутумдардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча иштердин толук комплексин жүзөгө ашырат.