Жаңылыктар

24.02.2022

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери "Евразиялык агроэкспресс" биргелешкен долбоорун ишке ашырууну жактырышты

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн "Евразиялык агроэкспресс" тездетилген темир жол жана мультимодалдык ташууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен долбоорунун ишке ашырылышын колдоо жөнүндө тескемени кабыл алды. Долбоор айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүктүн өз ара жеткирүүлөрүнүн жана экспортунун көлөмдөрүн көбөйтүүгө, ошондой эле аны диверсификациялоого багытталган.

"Биринчи баскычта ЕАЭБдин чегинен сырткары үзгүлтүксүз жөнөтүүлөр эки багыт боюнча уюштурулмакчы – Кытайга жана Өзбекстанга, ошондой эле карама-каршы багытта. Кийинчерээк каттамдар Азия жана Европа региондорунун башка өлкөлөрүнө да кеңейтилиши мүмкүн, – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнёв. – Ташуулардын үзгүлтүксүздүгү деңиз фрахтына салыштырмалуу атаандаштыкка жөндөмдүү тарифтерди түзүүгө, ошондой эле товарларды жеткирүү мөөнөттөрүн кыскартууга мүмкүндүк берет (Кытайга 10-14 күн жана Өзбекстанга 4-7 күн). Мындан сырткары, бүткүл керектүү инфраструктураны – жеткирүүлөрдүн мыкты уюшулган логистикалык чынжырын түзүү каралган".
Министр кеп май, сүт, эт, жашылча-жемиш жана даяр азык-түлүк продукциясын, ошондой эле маржиналдык товарларга басым жасоо менен башка тамак-аш азыктарын жеткирүү жөнүндө болуп жатат деп түшүндүрдү.

Биргелешкен долбоорду ишке ашырууда Беларусь Республикасы – Россия Федерациясы – Кыргыз Республикасы – Казакстан Республикасы – Кытай Эл Республикасы каттамы боюнча жумасына эки толук курамдуу контейнердик поездди, анын ичинде тоңдурулган продукция үчүн рефрижератордук контейнерлери бар поезддерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Ошентип, Кытай багытындагы ташуулардын ай сайынкы көлөмү 10 миң тонна чамасындай түзүшү мүмкүн.

"Бремино групп" ЖЧК (Беларусь Республикасы), "KTZ Express" АК (Казакстан Республикасы), "НК "КТЖ" МИ (Кыргыз Республикасы), "РЖД Логистика" АК (Россия Федерациясы), "Славтранс-Сервис" АК (Россия Федерациясы) биргелешкен долбоорго катышуусун тастыкташты. Координатордун функцияларын аткаруу үчүн "Евразийская Агрологистика" АКэУ түзүлгөн.

Маалымат

2019-жылы Россия Федерациясында темир жол каттамы боюнча Кытайга айыл чарба продукциясын үзгүлтүксүз контейнердик ташууларды караштырган "Агроэкспресс" долбоору иштеп баштаган. 2021-жылдан тарта бул долбоор Россия – Өзбекстан багытында да ишке ашырылат.