Жаңылыктар

25.02.2022 (Обновлено: 21.03.2022 12:02)

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери Бирликте өнөр жайды мамлекеттик колдоонун аспаптарын карап чыгышты

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинде өнөр жайды мамлекеттик колдоонун аспаптары каралды.

ЕАЭБде мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтүүнүн маанилүү тренди инвестициялык өнүгүүнү демилгелөө болуп саналат. Учурда ЕАЭБдин негизги капиталына инвестициялар дүйнөдөгү орточо көрсөткүчтөрдөн бир кыйла төмөн жана 2021-жылдын жыйынтыктары боюнча 212,5 млрд АКШ долларын түздү.

ЕЭК инвестициялардын көлөмүн олуттуу түрдө көбөйтүү, биргелешкен ишканалар үчүн каржы ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана кооперацияны өнүктүрүүнүн мотивациялык механизмдерин түзүү зарыл деп эсептейт. Комиссияда инвестициялык долбоорлорду колдоо механизмдерин иштеп чыгуу боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.

ЕАЭБ мамлекеттеринин президенттеринин тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында регионалдык интеграциялык бирикмелерде мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн дүйнөлүк тренддери изилденди, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мамлекеттик колдоонун негизги аспаптарына талдоо жүргүзүлдү жана бул чөйрөдөгү негизги тренддер аныкталды.

Мамлекеттик колдоо чараларын жакындатуунун мүмкүн болгон багыттарын иштеп чыгуунун жыйынтыктары боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн жалпы багыттарын мамлекеттик колдоонун учурдагы окшош багыттарын жана дүйнөлүк тренддерге шайкеш келүүчү жаңы багыттарды камтыган евразиялык өнөр жай кызыкчылыктары катары кароого болору аныкталды. Алсак, аларга товарларды тышкы рынокторго илгерилетүүдө көмөк көрсөтүү, инновациялык ишмердикти, жеке бизнести демилгелөө, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, жашыл экономика, санариптик трансформация кириши мүмкүн.

Өнөр жайды мамлекеттик колдоонун аспаптарын жана шарттарын жакындатуунун актуалдуулугун эске алуу менен, ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян өнөр жайды колдоо үчүн жалпы евразиялык кызыкчылыктарды иштеп чыгуу маселесин демилгелөөнү сунуш кылды. Алардын таанылышы Евразия регионунун дүйнөлүк аренада оң позицияланышына жана ЕАЭБде өнөр жай кызматташтыгынын натыйжалуулугунун жогорулашына өбөлгө түзмөк.