Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү – Комиссиянын протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин кызматкерлери Илья Кузьмичев жана Эльнура Абдурашитова – Оренбургда өткөрүлгөн "Евразия Global" Эл аралык жаштар форумунун иш-чараларына катышышты. Комиссия үчүнчү ирет Форумдун ишкер өнөктөштөрүнүн бири болууда.
А"Биздин жалпы иштер: коомдук дипломатия жана эл аралык долбоорлор адилеттүү дүйнөнүн кызыкчылыгында" деп аталган "глобалдык маектин" алкагында Евразия мейкиндигинде жаштардын бийлик органдары, бизнес жана коомдук уюмдар менен натыйжалуу кызматташтыгы үчүн эмне кылуу керектиги жөнүндө кеп жүрдү. Талкууга Бирликтин мамлекеттеринен жана үчүнчү өлкөлөрдөн 300дөн ашуун адам катышты.
Спикерлердин арасында: Оренбург областынын вице-губернатор Игнат Петухов, Жаштар иштери боюнча федералдык агенттиктин Жаштар долбоорлору жана программалары башкармалыгынын эл аралык ишмердик бөлүмүнүн башчысы Валерия Черногородова, "Корпоративная кадемия Росатома" АКэУ долбоорунун жетекчиси Ирина Саркисьян, С.А. Есенин атындагы Рязань мамлекеттик университетинин ректорунун милдеттерин аткаруучу Олег Сулица, RT Spanish телеканалынын корреспонденти Мария Исабель Севальос. "Глобалдык маектин" жүрүшүндө И. Кузьмичев эл аралык жаштар кызматташтыгынын жана Бирликте жаштар күн тартибин өнүктүрүүнүн перспективалары, ошондой эле ЕАЭБ жаштар үчүн берип жаткан мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди.
Ошондой эле, Комиссиянын өкүлдөрү А.М. Горчаков атындагы Коомдук дипломатияны колдоо фонду тарабынан уюштурулган Эл аралык жаштар медиамектебинин алкагында брифинг өткөрүштү. Мүчө мамлекеттердин жаш журналисттери евразиялык интеграциянын актуалдуу маселелери боюнча пресс-релиздерди жана социалдык медиаларда билдирүүлөрдү даярдоо шыгы менен бөлүшүтү. Иш-чарага Бирликтин мамлекеттеринен дээрлик 50 жаш журналисттер катышышты.
Мындын сырткары, Комиссиянын өкүлдөрү Бирликтин жаштар күн тартибин түзүүнүн перспективаларына арналган мээ чабуулун өткөрүштү. Мээ чабуулунун эксперттери РФ Президентине караштуу РЭЧжМКАнын өкүлдөрү болушту: Укук жана улуттук коопсуздук институтунун директорунун орун басары Валерий Смирнов евразиялык экономикалык интеграция базалык кафедрасынын доценти Сергей Рекеда. Мээ чабуулунун ишине Бирликтин мамлекеттеринен жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген 50дөн ашуун жаш эксперттер жана студенттер катышышты.
Мээ чабуулунун жүрүшүндө жаштардын негизги топторунун – студенттердин жана жаш илимпоздордун; жаш ишкерлердин; креативдүү жаштардын; жаш IT-адистердин; жаш дипломаттардын жана жаштар уюмдарынын лидерлеринин интеграция процесстерине катышуусун аныктаган негизги тренддер айтылды. Иштин жыйынтыгында беш долбоор иштелип чыкты.
Иштин жыйынтыктары боюнча жаш эксперттер евразиялык экономикалык интеграция процесстери жана Бирликтин ишмердиги жөнүндө билимин көрсөтүштү. Ошондой эле, алар Комиссия менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү колдошту. Атап айтканда, ЕЭК аянтчасынын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ЕАЭБ Жаштар форумун түзүү жана жыл сайын өткөрүү жөнүндө демилгесин колдошту, ал учурда Комиссия тарабынан иштелип чыгууда.