Жаңылыктар

19.01.2022 (Обновлено: 02.02.2022 10:06)

ЕАЭБде өнөр жай продукциясынын өндүрүшү 2021-жылдын 11 айында 1,2 трлн долларга жетти

2021-жылдын январь-ноябрында өнөр жай продукциясынын өндүрүшү 1,2 трлн АКШ долларын түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 5%дан ашык өстү. Эң көп өсүштү Беларусь (6,7%) жана Россия (5,2%) көрсөттү.

Ошондой эле 11 айдын жыйынтыгы боюнча турак-жайларды пайдаланууга берүү (22,5%га өсүш) жана чекене соода жүгүртүү (өсүш 7,2%га) боюнча оң динамика байкалууда.

Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасынын "Социалдык-экономикалык статистика" бөлүмүндө экспресс-серепте берилген.