Жаңылыктар

09.04.2024

ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2024-жылдын эки айында 6,6%га өстү

2024-жылдын январь-февралында Евразия экономикалык бирлигинин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2023-жылдын январь-февралына карата 106,6%ды түзгөн.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү бардык мүчө мамлекеттерде байкалган: Арменияда - 28,9%га, Кыргызстанда - 7,8%га, Беларуста – 7,1%га, Россияда – 6,6%га жана Казакстанда – 4,6%га.

ЕАЭБде тоо-кен казып алуу өнөр жайында жана карьерлерди иштетүүдө өндүрүштүн көлөмү 1,5%га, иштетүү өнөр жайында – 10,4%га, электр энергиясы менен камсыз кылууда, газ, буу берүү жана абаны кондициялоодо – 5,7%га, суу менен камсыз кылууда, канализация тутумунда, калдыктардын чогултулушун жана бөлүштүрүлүшүн контролдоодо – 4,6%га өскөн.

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Өнөр жай өндүрүшү" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.