Жаңылыктар

15.04.2022 (Обновлено: 18.05.2022 09:59)

Атайын бажы жол-жобосуна киргизилген учактардын категориялары кеңейтилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен, оңдоо жана (же) техникалык тейлөө жана бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн кайра алып келүү максатында, аларды ЕАЭБден ташып чыгуу үчүн жарандык жүргүнчү учактарынын дагы бир түрүн атайын бажы жол-жобосуна жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү каралды. Ошондой эле, Кеңеш атайын бажы жол-жобосуна киргизилген жарандык жүргүнчү учактары, аба кыймылдаткычтары жана кошумча бөлүктөрү оңдоодон жана (же) техникалык тейлөөдөн кийин кайра ташылып келинүүчү мөөнөттү (алты айдан эки жылга чейин) узартты.