Жаңылыктар

29.05.2023 (Обновлено: 01.06.2023 10:03)

Евразиялык мейкиндикте адам капиталын өнүктүрүү маселеси ЕЭФ-2023тө талкууланды

Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев "Эмгек рыногу жөнүндө евразиялык диалог. Адамдык капитал. Саламаттыкты сактоо" тематикалык сессиясынын ишине катышты, бул иш-чара Москвада Евразиялык экономикалык форумдун иштиктүү программасынын алкагында болуп өттү.

"Азыркы экономикада адамдык капиталдын ролу жана баалуулугу талашсыз. Кесиптик билим берүү системасы аркылуу адамдык капиталды өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, социалдык шарттарды камсыздоого жана эмгекчилердин ден-соолугун коргоого жумшалган инвестициядан биздин экономикалардын өсүү көрсөткүчтөрү көзкаранды", – деп баса белгиледи Бакытжан Сагинтаев.

Сессиянын ишине Беларусь Республикасынын эмгек жана социалдык коргоо министри Ирина Костевич, Казакстан Республикасынын эмгек жана калкты социалдык коргоо вице-министри Олжас Ордабаев, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Россия Федерациясынын эмгек жана социалдык коргоо министри Антон Котяков, Миграция боюнча эл аралык уюмдун башкы директору Антонио Виторино, Миграция боюнча эл аралык уюмдун Москвадагы бюросунун директору Марина Шрамм, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Россия Федерациясындагы өкүлү Мелита Вуйнович жана Көндүмдөрдү жана кесиптерди өнүктүрүү агенттигинин башкы директору Роберт Уразов катышышты. Сессиянын модератору Эмгек жана ишке орноштуруу боюнча федералдык кызматтын жетекчиси Михаил Иванков болду.

Дискуссиянын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө эмгек миграциясынын процесстеринин тийгизген таасирин талкуулашты, эмгек рыногунун жумушчуларга муктаждыктарын божомолдоонун зарылдыгын белгилешти, ЕАЭБде эмгекчилердин кесиптик квалификациясынын бирдей деңгээлине жетүү боюнча сунуштарын айтышты, ошондой эле эмгекчилердин ден соолугуна инвестициялардын экономикалык пайдасын карашты.

Болуп өткөн талкууну эске алуу менен заманбап шарттарда Бирликтин эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштамалар иштелип чыкты.